Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - ЧАКЧА
 

ЧАКЧА

 
(НАСКАБАК) — «Чалдар да жыргап ал кезде, Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда). Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну көбүнчө Түштүк Кыргызстандын журтчулугу арбын колдонушат. Чеберлер чакчаны жасоодо адегенде жердигин тандашкан. Буюм негизинен төрт бөлүмдөн турат. Чакчанын эки капталынан бирөө жазыраак, экинчиси кичирээк алынат да, аларды өзүнүн мүйүздөн же жыгачтан жасалган жатагына коюп, эки бөйрөгүн чыгарып туруп, ичинен бири-бирине жиксиз бириктирет. Айрым зергерлер алардын бөлүктөрүн ичтен кабыштырууда ыро колдонушат. Коргошун менен кепшердейт. Чакчаны моюнунун оозуна кайрыла коюлуучу жери «чакчанын курбусу» деп аталат. Анын оозу менен моюну гана данакерленип, тыгыны чачыланат да, күмүш, жез, калай, мис аркылуу чүкүрттөлөт. Чакчанын эки жак беттерине «чапкылоо ыкмасы» аркылуу чапкылар менен түшүрүлүүчү оюм-чийимдер негизинен «мүйүзчөлөнүп», ич ара «табакчаланып», «куш тырмактанып», «жарым кыялданып», кудум шырдак оюмдары сымалданып кетет. Чакчанын бөлүктөрүн ичинен жиксиз бириктирүүдө зергерлердин жекече ыкмаларынын жашыруун сырларын өзүлөрү гана билишкен.

чакча

 
чакча

чакча

 
зат. Жанга алып жүрүүгө ылайыкталып мүйүздөн, металлдан жасалган асмай салгыч, асмай салууга колдонулган кичинекей бөтөлкө. Мамбеткул күрмөсүнүн чөнтөгүнөн чакчасын алып, Мамбетке сунду (Каимов).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санчакча
Көптүк санчакчалар
Байланыштуу сөздөр
чактуу
Жөндөлүшү - "чакча"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?чакча
Илик Кимдин? Эмненин?чакчанын
Барыш Кимге? Эмнеге?чакчага
Табыш Кимди? Эмнени?чакчаны
Жатыш Кимде? Эмнеде?чакчада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?чакчадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?чакчалар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?чакчалардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?чакчаларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?чакчаларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?чакчаларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?чакчалардан

Найти все переводы слова "ЧАКЧА" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЧАКЧА"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru