КАПКАН |
Капканды жасаган адам аны салуунун ыкмаларын да мыкты билет. Капкан салуу учурунда бул да чоң өнөр болгон. Буга атайын аттанып түшкөн капканчылар учурунда бир айыл элди баккан. Капкан көбүнчө темирдин ак курчунан жасалат. Капкан чарасынын жумурусун 0,2 дм. тереңдете ийет. Анын серперин жети смдей жука темирден өз өлчөмүндө жасайт. Мунун жаагы жарым болоттон тандалат. Адатта, буюмдун тээги жыгачтан жасалуучу. Бирок, түшкөн жырткыч чайнап кое тургандыктан айрым чеберлер темирден жасап жүрүшөт. Аны ысытып иет да, өз өлчөмүндөгү курч темирден кесип туруп, жаакка бекитет. Капкан жырткычтардан тартып кемирүүчүлөргө чейин өз-өзүнчө салынат. Темир капкан үч бөлүктөн турат: жаагы, түндүгү жана серпөөрү делет. Жырткычтарга текөөр берүүчү бул куралды жасоодо чебер анын темирин тандайт. Мунун жээк жаачасы менен түндүгүнө жашык темирди, ал эми серпөөлөрүнө курч темирди керектейт. Ал болоттон жасалып, пружинадай шамдагай серпилип турат. Уста абалы темирди сомдойт. Серпөөрдүн калыңдыгы үч мм. келет. Эгер сугаруусу жетишкен капкан чапкан чакта бир карыш (10—15 см) өйдө секирет. Анын биринчи сугаруусу катуу болот. Жаакты сугарууда он беш градусча ысытат да, аны суу тал менен улам жышып сугарат. Анан улам эки кычкач менен ийип, күчүнө келдиби, же жокпу көрүп турат. Темир сынбай турган болгондо сууга ширетип, мелүүн муздатып алат. Сугаруу бул — курчутуу деген түшүнүк. Тап жылдырбай сугарган капкан узак убакытка чейин айбанаттарга салынат. Ал бир жаак, эки жаак тиш-тиштүү да болот. Эки жаак капкан өтө катуу келет. Муну такай карышкырга, аюуга, илбирске салат. Бир жаак капкан менен түлкү, суур, коён өңдүүлөр кармалат. Эки жаак капкандын тишине кийиз коет. Антпесе, курч капкан жырткычтардын сөөгүн талкалай кыя чаап, айбанат бутун жулуп кетет. Ошондуктан, капкандын кандай чабышын кандим аңчылар байкашат. Капканда тээк, күлтүк, (тегерек кийиз, бул капкандын түндүгүнө чак келет) чынжыр, казык, сойгок болот. Мунун чарыш жиби менен кийизинин үстүнөн аң келип басканда тээк тайып, жаактын серпилгич күчү менен кош серпөөрү кыймылга келип, тарс чаап калат. Куралдын чарасын 0,2 кумурулап тереңдеп ийет. Серпөөрүнө 7 смдей жука темирден тандап, өз өлчөмүндө карыш болоттон жаагын жасашат. Айрым капкандардын тээги темирден да болот. Жыгач тээкти карышкырлар чайнап ташташы мүмкүн. Ошондуктан, муну курч темирден өз өлчөмүндө кесип туруп, жаакка катар бекитет. |
капкан |
капкан бел капкан бузуп, тузак үзүү капкан соору |
капкан |
2. өт. Амал, айла, акыл. Куруп жатты душманга Ар ким билген капканын (Жантөшев). |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | капкан |
Көптүк сан | капкандар |
Жөндөлүшү - "капкан"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | капкан |
Илик Кимдин? Эмненин? | капкандын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | капканга |
Табыш Кимди? Эмнени? | капканды |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | капканда |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | капкандан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | капкандар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | капкандардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | капкандарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | капкандарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | капкандарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | капкандардан |
Найти все переводы слова "КАПКАН" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "КАПКАН"?
Ввойти