Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - КАЛЫП
 

КАЛЫП

 
(куйма калып) — металл буюмдарынын үлгүсү, кеп. Ар бир устанын өзүнчө куйма калыбы болот. Элдик зергерчиликте, бул — буюм-тайымдарды көркөмдөөнүн өзүнчө бир ыкмасы. Ал — эритилген затты (күмүштү, колону, мисти, жезди) куюучу жатак. «Чоко» (Чоко топурак — бозомук, кызыл минералдык зат. Тоң районунун Кажы-Сай аймагында «Чопо-Булак» деген жерге усталар атайын барышып, казып алышкан) деп аталган чопо сымал топуракты күл майдалап, анан торко электен өткөрөт. Ага жүндү, тыбытты жана кылтакты кошуп, аябай ийлейт. Ийлөөсү жеткенде чөйчөкчө кылып кургатат. Ал идишке зергерлер жердикти эритишип, ага каалагандай оюм-чийимди түшүрүп алышкан.
      Эми эритиндини калыпка куюу үчүн эритинди затты эритүүчү чөйчөкчөсүнө салып, тапка кармаганда ал бат эле көлкүлдөй түшөт. Ошол көк жашыл түс чыккан күмүштүн, жездин үстүнө ак данакерди себет. Эритинди бир аздан кийин кара күрөң түскө айланат. Мында бөлүнүп чыккан ыпыласы үстүнө калкыйт. Эритиндинин температурасы өзгөрүлө электе калыпка тез куюу зарыл. Антпесе, калыптын ичине аба боштугу пайда болсо, чуңкурчалар чыгып, куюлуучу көркөмдүк сыйда түшпөйт. Ошондо эритиндинин үстүндөгү ыплас калдык чөйчөктүн бетине жабышып калат.

калып

 
калып, калыбы, калыппы
калыпка түшүрүү (иск.)
калып машинасы

калып

 
зат.1. Жасалуучу, куюлуучу нерсенин үлгүсү, кеби. [Аскар].. ылайды күрөктөп сузуп, калыпка карай ашыгат (Сыдыкбеков). [Назаров].. күрөк алып, калыпка топурак ыргытты (Убукеев).
2. Белгилүү бир абал. [Эрке кыз].. жылмайган калыбын жазбай, кеп салды (Байтемиров). Көчөдөгү көрүнүш күндөгү калыбында (Жантөшев).
¨ Калып алуу 1) көнүп калуу, үйрөнүп калуу, адатка айлануу. Жедеп ага
калып алып калганбы, Күмүш жанатадан бери бир канча ирет эки жагын кылчактап карады (Байтемиров); 2) кеп алуу, орунтуктуу. Калыбына келүү — мурунку абалына, мурунку ордуна келүү, баштагысындай, мурункусундай болуу. Аз күндө айыгып бул жарат, Калыбыма келермин («Эр Табылды»). Байланыш калыбына келтирилди (Бөкөнбаев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санкалып
Көптүк санкалыптар
Жөндөлүшү - "калып"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?калып
Илик Кимдин? Эмненин?калыптын
Барыш Кимге? Эмнеге?калыпка
Табыш Кимди? Эмнени?калыпты
Жатыш Кимде? Эмнеде?калыпта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?калыптан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?калыптар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?калыптардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?калыптарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?калыптарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?калыптарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?калыптардан

Найти все переводы слова "КАЛЫП" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "КАЛЫП"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru