БЫЧАК |
Депкир сабына күмүш жалатып, ага оюм-чийим түшүрүшкөн. |
бычак |
бычакка илинер бычакка сап бычакка түшүү (өлүмгө да баруу) бычактын мизинде бычактай тийүү (өтө жагымсыз таасир) |
бычак |
2. өт. Абдан каршы. Аш казаны ооруган кишиге арак—бычак. ♦Бычакка саптык — бир нерсеге жарай турган, жөндөмү, кайраты бар. Бычакка саптык уулуң жок, Кайгырып жашым төгүлдү («Эр Табылды»). Бычактай тийүү — өтө катуу тийүү. [Батыш].. эринин абалын көрүп турат, ага ороюраак сүйлөгөн сөз бычактай тиерин сезет (Байтемиров). Кыштын ызгаардуу суугу да ач курсакка бычактай тиет (Баялинов). Азуусу бычак — каардуу, ачуулуу, ырайымсыз. Азуусу бычак залимден Айдалып атаң тарп болгон (Токтогул). Кырды бычак — абдан каршы, кас, бирин-бири көрө албаган. Мен аны менен кырды бычакмын. Бычак сырты к. сырт. Бычактын мизинде — кыйынчылыкта, оор абалда. |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | бычак |
Көптүк сан | бычактар |
Жөндөлүшү - "бычак"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | бычак |
Илик Кимдин? Эмненин? | бычактын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | бычакка |
Табыш Кимди? Эмнени? | бычакты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | бычакта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | бычактан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | бычактар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | бычактардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | бычактарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | бычактарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | бычактарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | бычактардан |
Найти все переводы слова "БЫЧАК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "БЫЧАК"?
Ввойти