Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - БАРГЕК
 

БАРГЕК

 
«Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат.
      «Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.

БАРГЕК

 
БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).

баргек

 
баргек, баргеги, баргекке

баргек

 
зат. 1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтындан же күмүштөн жасалган буюм. Башымда чолпон баргегим («Сейтек»). Маңдайымда баргегим («Сейтек»).
2. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү. Алтындан баргек сөйкөнү, Аземдеп сага тагайын («Мендирман»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санбаргек
Көптүк санбаргектер
Жөндөлүшү - "баргек"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?баргек
Илик Кимдин? Эмненин?баргектин
Барыш Кимге? Эмнеге?баргекке
Табыш Кимди? Эмнени?баргекти
Жатыш Кимде? Эмнеде?баргекте
Чыгыш Кимде? Эмнеде?баргектен
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?баргектер
Илик Кимдердин? Эмнелердин?баргектердин
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?баргектерге
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?баргектерди
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?баргектерде
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?баргектерден

Найти все переводы слова "БАРГЕК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "БАРГЕК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru