Menü
Эл-Сөздүк

БАРГЕК

«Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат.
      «Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.

БАРГЕК

БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).

баргек

баргек, баргеги, баргекке

баргек

зат. 1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтындан же күмүштөн жасалган буюм. Башымда чолпон баргегим («Сейтек»). Маңдайымда баргегим («Сейтек»).
2. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү. Алтындан баргек сөйкөнү, Аземдеп сага тагайын («Мендирман»).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числобаргек
Множ. числобаргектер
Склонение по падежам - "баргек"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?баргек
Родительный Чей?баргектин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баргекке
Винительный Кого?, Что?баргекти
Местный Где?, У кого?баргекте
Исходный Где?, У кого?баргектен
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?баргектер
Родительный Чьи?баргектердин
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?баргектерге
Винительный Кого?, Что?баргектерди
Местный Где?, У кого?баргектерде
Исходный Откуда?, От кого?баргектерден

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: