Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - Ак
 

ак-

 
ак-, агат, аккан

АК

 
АК — көркөм сөз каражаты, эпитет. А. эпитетинин өзүнчө өнүгүшү, эволюциясы бар. Коомдук өнүгүштүн алгачкы этаптарында адамдар жаратылыштын көп түрдүү кубулуш, көрүнүш касиеттерин адам сыяктуу эле жандуу нерсе катарында түшүнүшүп, алар эки түрдүү элес, таасир калтырган. Айрым кубулуш, көрүнүштөрдү адамдарга жакшылык, ийгилик алып келүүчү сыйкырдуу күч, рух, жышаан катары кабыл алышса, айрым башка көрүнүштөрдү, кубулуштарды, тескерисинче, адамдарга зыян, жаманчылык алып келет деп түшүнүшкөн. Жаратылыштын кубулуш, көрүнүштөрүн экиге ажыратуунун негизинде «ак» (ырайымдуу, пайдалуу, жагымдуу) жана «кара» (ырайымсыз, кырсыктуу, зыяндуу) деген түшүнүктөр келип чыккан. Демек «ак» деген түшүнүк адегенде зат, буюмдардын, кубулуш, көрүнүштөрдүн өңү-түсүн сыпаттоо менен гана эмес, адамдарга кандайдыр бир түрдө ырайым кылуучу, колдоочу, пайда келтирүүчү фетиштик мазмундагы кереметтүү рухтарга, сыйкырдуу күчтөргө байланыштуу болгон. Алтайлыктардын баатырдык эпосторунда «ак» деген эпитет ырайымдуулук мааниде колдонулган: ак мал, ак чөп, ак жер, ак тоо, ак артыш (ак арча), ак мылтык, ак үлдү (ак кылыч), ак жыра (ак найза), ак бөрү, ак бичик (ак китеп) жана башкалар Кыргыз элинде теңир жалга, кудай жалга деген синонимдик туюнтмалар менен катар ак жалга деп да айтылат. Демек А. деген сөз «теңир», «кудай» сыяктуу сөздөрдүн синоними болуп ырайымдуу рухту билдирип турат. Ак санатай, ак жолтой, ак көңүл, ак ниеттүү, айкөл сыяктуу сөз айкаштарында А. өң-түсү эмес, адамдын эң жогорку оң сапаттарын мүнөздөйт. «Манас» эпосунда Манас баатырга таандык болгон буюм, курал-жарактар, аттар, айбанаттар жана башкалар «ак» деген туруктуу эпитет аркылуу аталат. Алсак: Аккула, ак өргөө, аколпок, аккелте, акболот, ак ордо, акалбарс, ак шумкар, ак каңкы, ак тинте, ак инген (куу инген), ак кисе жана башкалар. «Манас» эпосундагы Манаска таандык болгон зат, буюм-терим, курал-жарак, кийим - кечектердин А. деген эпитет менен тутумдашып айтылышы коомдун алгачкы өнүгүш этаптарында пайда болгон фетиштик, магиялык түшүнүктөр менен тыгыз байланыштуулугун көрсөтөт. Кийинки доорлордо пайда болгон кыргыз элинин эпикалык чыгармаларынын поэтикалык каражаттарында А. деген эпитет жыш эле учурайт, бирок алардын көпчүлүгү буюм-терим, заттардын өңү-түсүн гана туюндуруучу көркөм каражаттардын милдетин аткарат.
Ж.Төлөев

ак

 
ак (түс), агы, акка
ак ала (агала эмес)
ак алма
ак алтын
ак аюу
ак балек (илдет)
ак бараң
ак барсылдак (бот.)
ак баш
ак безерген (бот.)
ак боз
ак боор (зоол.)
ак бөкөн
ак буурул
ак да, көк да дебөө
ак жаан
ак жай (жайд. толук
кези)
ак жем мерг.
ак жолдон адаштыруу
ак жолтой
ак жолу ачылуу
ак жоолук
ак жоолугуң башыңдан
түшпөсүн!
ак жуумал
ак жөкөр
ак жүгөрү
ак кагаз
ак кажыр
ак кайың
ак калпак
ак калтар
ак камгак
ак канат
ак кандуулук (мед.)
ак каңкы
ак каптал (жалкоо)
ак келте
ак кийик
ак кодол (бот.)
ак коко (бот.)
ак көдөөл
ак көз
ак көк
ак көктү айт-
ак көрпө
ак көрпө жайыл
ак куба
ак кула
ак куу
ак куш
ак куйрук
ак кулак
ак күбө
ак күп (балапанд. жүнү)
ак күрөөкө
ак кыз
ак кылкан
ак кыя (бот.)
ак моко (тажа-)
ак молдо
ак нике
ак олпок
ак өргөө
ак пейил
ак расул
ак сакал
ак сакалдуу
ак саноо
ак сарай
ак саргыл
ак сары
ак сары башыл
ак серке
ак сойгок
ак сокто (бот.)
ак сөз
ак сөөк
ак сөөктүк
ак сүйлөө
ак сур
ак сүтүн актоо
ак тамак
ак таман
ак таңдай
ак таяк
ак терек-көк терек
ак тикен
ак тинте
ак токол
ак түлкү
ак түн
ак түндөр (геог.)
ак уруу
ак үй
ак чабак
ак чамбыл
ак чардак
ак чел
ак чете
ак чечек (бот.)
ак чий
ак чөл
ак чөлмөк
ак чөп башта
ак чөп (малд. чөбү-тону)
ак чуңкур
ак чүч
ак чүчтө
ак чырак (диал.)
ак шаар
ак шыралжын
ак ыр (ад.)
ак эдил (жоош мал)

ак

 
ак (таза, адал: ыйык)
ак бата
ак жолтой (акжолтой
эмес)
ак жолтойлук
ак жүрөк
ак жүрөктүк
ак-кара
ак-караны ажыратуу
ак-караны тааныган
ак көңүл
ак көңүлдүк
ак ниет
ак ниеттик
ак пейил
ай пейилдик
ак санатай
ак санатайлык
ак сүт
ак ур- (думана жөн.)
акты кара кылуу
акты-караны
акты-каралы
акты-көктү

ак

 
ак: ак эткенде так эт-

Ак

 
Ак – 1) Сүт жана сүт азыктарынын кыргыздарда аталышы. Бул, балким, сакралдык мүнөзгө да ээ. 2) Ыйык маанисин да туюнтат (Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. – Б.: Бийиктик. 2005. 25-б.).

ак

 
I сын. 1. Кардын, сүттүн түсүндөй түс. Ак булут. Ак кагаз.
2. Таза, чын пейилдүү, жамандыгы же жаман ниети жок, арамзалыгы жок. Ак эмгек. Пейли ак.
3. Күнөөсүз, жазыксыз. Айланган тоонун бүркүтү Ак жерден торго чалындым (Токтогул).
4. Контрреволюциячыл, совет бийлигине каршы аракет кылуучу же совет бийлигине каршы багытталган. Ак армия. Ак гвардиячы. Актар.
5. Шахмат, дойбу ойнундагы кара түстөгү фигуралардын каршысында ойнолуучу фигуралар. Ак менен ойноо. Ак король.
6. Айран-сүттүн жалпы аты. Жаз чыгып, ак көбөйдү.
7. Көздүн карегин каптап калган чел. Көзүн ак басты. Көзүнө ак түштү.
Ак жаан — узакка созулуп майдалап жааган жамгыр. Ак жай — жайдын толук кези. Ак жүрөк — чынчыл, адилет, арамдыкка барбаган. Ак жолтой — жолдуу, жолу ачык, ойлогону орундалуучу. Ак сакал — аксакал менен бирдей. Ак төөнун карды жарылуу к. төө. Ак кол — бекер жүрүүнү жакшы көргөн, эмгекти сүйбөгөн, иштебеген, оор ишке кол тийгизбеген адамдар жөнүндө. Ак чөп башымда к. чөп. Ак сөөк к. сөөк. Көздүн агы — көздүн карегинин айланасындагы тунук ак бөлүгү. Жумуртканын агы — жумуртканын сарысын курчап турган тунук бөлүгү. Ак күп болуу — майда үлпүлдөгөн мамык жүн менен капталуу (көбүнчө балапандар жөнүндө). Ак күп болгон балапаны чыйпылдап энесинин оозунан жем талашат («Советтик Кыргызстан»). Акты-карасы ачылуу — ким күнөөлүү, ким күнөөсүз экени билинүү, чындыгына жетүү. Көздүн агы менен тегеренүү (айлануу) — бирөөнүн эркинен чыкпай эпилдеп-жепилдеп туруу.
АК II сын. 1. Чыныгы, таза, адал, акыйкат, туура. Ак мал. Ак сүйлөдү.
2. Дубаналар айтуучу сөз. Ак уруу.
3. Кудай. Кудайдын бир атыак (макал).
АК III: ак эткенде так этүү к. так V.
АК IV этиш. 1. Белгилүү бир өзөн, арык, нук боюнча бир багытка бет алып өз агымында жылуу (мис., суу жөнүндө). Жанында жайпап аккан Түптүн суусу (Маликов). Ийрилип аккан чоң өзөн Ийнеде учук жипке окшойт (Бөкөнбаев).
2. Суу, суюктук, тер ж. б. сызыла көп чыгуу, куюлуу, шорголоо, жылжуу. Чаканын түбүнөн суу агып калыптыр. Тер акты. Кан акты.
3. өт. Жапырт, көп болуп үзгүлтүксүз агыла жүрүү, өтүү. Машиналар тынымсыз агып өтүп турат.
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик санак
Көптүк санактар
Синонимдери
таза
там
жыл
Антонимдери
кара
Жөндөлүшү - "ак"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?ак
Илик Кимдин? Эмненин?актын
Барыш Кимге? Эмнеге?акка
Табыш Кимди? Эмнени?акты
Жатыш Кимде? Эмнеде?акта
Чыгыш Кимде? Эмнеде?актан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?актар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?актардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?актарга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?актарды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?актарда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?актардан

Найти все переводы слова "Ак" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "Ак"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru