Меню
Эл-Сөздүк

кызы

этиш. 1. Ысуу. [Абылдын] денеси кызып, тердеп да калды (Касымбеков). Күн кызып, улуу шашке болгон убак (Абдыраманов).
  1. 2.           Күчөө. Отургандардын сөзү кызыды (Жантөшев). Иш кызыды (Таштемиров). Заводдо социалисттик мелдеш кызыды (Сасыкбаев).
  2. 3.           Делебеси козголуу, кызыгып кетүү, толкундап кетүү. Белинен кыл комузду сууруп алып, Мендибай кызып кирди күүнү чертип (Шамшиев). Суусамырдын коён жатагына чейин белгилүү болгондуктан, анын [Черик мергендин] да сөзгө аралашкысы келип, делебеси кызып отурат (Байтемиров).
  3. 4.           Кызымтал болуу, кызымтал абалга келүү. Кызып калган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров).

Бүйрү кызуу к. бүйүр I. Каны кызууачуусу келүү, кыжыры келүү. Барган сайын [Кебек карыянын] каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Кээде көрүп отуруп каным кызыйт (Байтемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: