-
кызы
-
этиш. 1. Ысуу. [Абылдын] денеси кызып, тердеп да калды (Касымбеков). Күн кызып, улуу шашке болгон убак (Абдыраманов). - 2. Күчөө. Отургандардын сөзү кызыды (Жантөшев). Иш кызыды (Таштемиров). Заводдо социалисттик мелдеш кызыды (Сасыкбаев).
- 3. Делебеси козголуу, кызыгып кетүү, толкундап кетүү. Белинен кыл комузду сууруп алып, Мендибай кызып кирди күүнү чертип (Шамшиев). Суусамырдын коён жатагына чейин белгилүү болгондуктан, анын [Черик мергендин] да сөзгө аралашкысы келип, делебеси кызып отурат (Байтемиров).
- 4. Кызымтал болуу, кызымтал абалга келүү. Кызып калган аял күйөөсүнүн сөзүнө кулак каккан жок, дагы ырдап кирди (Байтемиров).
♦ Бүйрү кызуу к. бүйүр I. Каны кызуу — ачуусу келүү, кыжыры келүү. Барган сайын [Кебек карыянын] каны кызып, урушарга киши таппайт (Байтемиров). Кээде көрүп отуруп каным кызыйт (Байтемиров).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кызы