Меню
Эл-Сөздүк

кайыр

кайыр (жакшылык)
кайыр-садага
кайыр-сакабат
кайырын чайыр кылуу

кайыр

кайыр (кош)
кайыр-кош

кайыр-

кайыр-, кайры (бүктөө)

кайыр

I зат. 1. Тиленчиге, дубанага, мусапырга бериле турган нерсе, жардам, садага. Кайыр үчүн ак уруп, эл аралап жүрөсүң (Жантөшев). Эл кыдырып кайырды, Сурап келе жатамын (Токтогул).
2. Ырайым, мээрим, жакшылык. Же каралар айыл жок, Калпанын бир да кайыры жок (Тоголок Молдо). Кедейлердин түбү кайыр, жан балам (Аалы).
КАЙЫР II этиш. 1. Малды бараткан багытынан башка жакка бет алдырып буруу, айдоо. Жоокерлер карап айылдан, Жаш бозой жылкы кайырган (Үмөталиев). Өрүгөн малын кайырган, Малчылары көрүндү (Жантөшев).
  1. 2.                  Бир нерсенин учун сыртына же ичине бүктөө, жапыруу, ийүү. Келген киши токтоду да, пальтосунун жакасын кайырды.
  2. 3.                  Күү черткенде, ырдаганда белгилүү бир бөлүгүн тиешелүү даражада кубулжутуу, күчөтүү же басаңдатуу. Тогуз толгоп кайырсам, Торгой болот комузум (Токтогул). Чертилген комуз чертилип, Жеңиштин күүсүн кайырган (Бөкөнбаев).
  3. 4.                  Кайтаруу, кайтарып берүү, ашыгын (мис., акчанын) кайта берүү.
  4. 5.                  Толгоо, толгоп жиберүү, бурап жиберүү.
  5. 6.                  Үзүү, толгой кармап үзүп алуу. Апа, мынча неге эрте кайырдыңыз, жүгөрү али «бышкан жок го,дедим («Жаш ленинчи»).

¨ Жооп кайруу жооп кайтаруу, жооп берүү. Белек ал кишиге жооп кайырган жок (Жантөшев). Батыштын жооп кайырбаганын Гүлнар таназарына алган жок (Сыдыкбеков). Кол кайруу — жооп кылып уруу, чабуу, кол кайтаруу, каршылык көрсөтүү. Кол кайырбай багынса, Жоокерине тийбегин (Жантөшев). Душмандар кол кайрый турган болсо, муну менен дүп эткизип коёбуз (Сасыкбаев). Сөз кайруу же кеп кайруу — каяша айтуу. Ал [Андрей] адатта Соня сүйлөгөндө сөз кайырчу эмес (Сасыкбаев).
КАЙЫР III сырд. Кош, кош бол деген мааниде колдонулат. Кайыр, мен кайтайын (Жантөшев). Кайыр, саламат болуңуз (Жантөшев).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: