Меню
Эл-Сөздүк

шектүү

ambiguous [эм’бигйуэс];
doubtful [‘даутфул]
Перевести через онлайн Переводчик

Примеры переводов: Шектүү

Кыргызский Английский
Шектүү деп табылган еретиктерди кыйнап, азапка салган Испания инквизициясынын көрүнүштөрү, ошондой эле согуш жана азап-тозокту алып келген крестүүлөрдүн жортуулу жана илимдин өнүгүп-өсүшүнө жолтоо болгон православ христиандары – бардыгы, алам деген нерсес Images of the Spanish Inquistion torturing alleged heretics, crusades that brought war and misery over what then was seen as the known world, and an orthodoxy that thwarted the progress of science -all this to many people was (and stil is) the consequence
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жөнгө салуучу талаптарына ылайык, классификациялануучу кредиттерге төмөнкүлөр кирет:
1) Субстандарттык кредиттер – бул:
- төлөө мөөнөттөрү узартылган (30 күнгө чейин) кредиттер,
- кредиттик келишимге ылайык, пландык төлөмдөрү кредиттин мөөнөтү бүткөнгө чейин (60 күнгө жана андан ары) узартылган кредиттер,
- кредиттин мөөнөтү бүткөндөн кийин анын пайыздары жана негизги суммасы боюнча төлөм мөөнөттөрүн узартуу менен (30 күнгө чейин);
2) Шектүү кредиттер – бул:
- карыз алуучу финансылык абалынын начарлоосунун кесепетинен кредит боюнча пайыздарды гана эмес, анын негизги суммасы боюнча да пландык төлөмдөрдү төлөй албай калган кредит,
- мөөнөтү бүткөндөн кийин да 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй калган кредит,
- пролонгациялоону кошо алганда, бир нече жолу реструктуризацияланган кредит,
- кардардын жоготууларын жана чыгымдарын улам көбөйткөн кредит,
- күрөөнүн рыноктук наркы төмөндөп, сапаты начарлап, анын ликвиддүүлүгү шектенүүнү жараткан кредит, ал эми күрөөнү баштапкы баада сатуу кыйынга турган кредит;
3) Жоготуу катары классификацияланган кредиттер – бул, төмөнкү бир же бир нече мүнөздөмөлөргө ээ болгон кредиттер:
карыздын 90 күндөн ашыгыраак убакыт төлөнбөй узарып кетиши;
3 жолудан көбүрөөк пролонгацияланышы (узартылышы);
күрөөнүн жоктугу же рыноктук жагдайлардан улам аны сатуу мүмкүн эмес болсо;
кардардын карызды төлөөгө жөндөмсүздүгү, андан баш тартышы, же болбосо айкын ордун жабуусуз эле төлөп берүү ниетин билдириши жана активдин ордун жабуу үчүн экинчи каражат алуу булагынын жоктугу; кардардын банк менен кызматташууга ниеттенбеши же болбосо кардар менен байланышуу мүмкүн эмес болсо; кардардын бизнесинин токтотулушу же анын банкрот абалда калышы.
Мында, жоготуу катары классификацияланган активдердин наркы өтө төмөн болгондугунан улам, алар банктын балансында нөлдүк наркта чагылдырылат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: