Меню
Эл-Сөздүк

Шектүү

ШЕКТҮҮ – кылмыш жасады деген шектенүү боюнча кармалган адам, ошондой эле күнөө коюлганга чейин чектөө чаралары колдонулган адам. Ш. – кылмыш-жаза процессинин катышуучусу, ал көбүнесе кылмыш-жаза ишин козгоо жана алдынала тергөө жүргүзүүдө пайда болот жана кылмыш-жаза процесстик мамилелерге аралашат. Процесстик мөөнөттөр аяктагандан кийин Ш. айыпкерге же күбөгө айланат, же болбосо процесске катышуучулардын катарынан таптакыр чыгарылат. КР мыйзамына ылайык Ш. төмөндөгүлөргө укуктуу: а) өзүнө кандай шек коюлуп жатканын билүүгө; көрсөтмө берүүгө; б) өтүнүч билдирүүгө, тергөөчүнүн жана прокурордун иш-аракетине жана чечимине даттанууга; в) тергөөчүдөн, котормочудан баш тартууга; г) далилдерди келтирүүгө. Кармалган же камакка алынган учурда Ш. процесстик мажбурлоонун ушундай чаралары колдонулгандан тартып жактоочунун жардамынан пайдаланууга укуктуу. Ш-гө төмөнкү процесстик милдеттер жүктөлөт: тергөөчүнүн жана прокурордун чакыруусу боюнча келүү; тергөөдөн качпоо, ага карата колдонулган бөгөт чарасын сактоо, иш боюнча акыйкатты аныктоого тоскоолдук кылбоо.

шектүү

сын. Шеги бар, күнөмдүү. Бригадир үн чыккан жакка шектүү карады (Таштемиров).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: