|
тарыхый
|
|
сын. 1. Тарыхка (1, 2, 3, 4-маанилери боюнча) таандык. Тарыхый процесс. Тарыхый эстеликтер. Тарыхый изилдөөлөр.
- 2. Реалдуу чындыкка туура келген, болгон, болуп өткөн, ойдон чыгарылган эмес. Тарыхый факт. Тарыхый окуялар.
- 3. Тарыхка кирген, белгилүү болгон, тарых үчүн өзгөчө мааниси бар. Тарыхый дата. Партиянын тарыхый чечимдери.
- 4. Тарыхта болгон окуяларга, тарыхтын фактыларына негизделип иштелген, ошолорду негиз кылып алган. Тарыхый роман. Тарыхый картиналар.
- 5. Кубулушту, ар кандай нерсени өнүгүү, өсүү жагынан алып текшерген, өсүү, өнүгүү жактары менен бирдикте алып караган. Тилдин тарыхый грамматикасы.
- 6. Коомдун өнүгүшүнүн белгилүү этабына ылайык келген, коомдун белгилүү бир мезгилинде пайда болгон; түбөлүк эмес, өтүп, өзгөрүп турган. Тарыхый категория.
|