Меню
Эл-Сөздүк

СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ

сөөктөн кармалган азем буюм. Ал да кыз-келиндердин шөкөттөөчү буюм-тайымдарынын ичине кирет. Сөөк менен мүйүздөн мунун ички касиеттерин ачып берүүдө чеберлер ар бирин чеберчиликте узанууга жердик оң жолуна буруп турат. Аларга шык берип, ич ара чыгармачылыкка үндөйт. Натыйжада, алар кармаган асыл нускаларда бүгүн да салттуулуктун санжыралары көрүнөт. Сөйкө желбирөөчтү мүйүз менен сөөктөн бирдей кооздукта кармоого болот. Мында бул буюмдун жердигин уйдун шыйрак сөөгүнөн тандашат. Сөөктүн ортосу түтүкчө болот. Сөөктүн калыңдыгына жараша атайын механизм араасы аркылуу узунунан бөлүп алат. Анан буюмдун формасын кагазга же сөөктүн өзүнө
      түшүрүп, айрым ашык жерлерин чарыкка алдырып таштайт. Мында чийилген кагаз үлгү башкы мааниге ээ болот. Медициналык бор машинасын иштетүү керек. (Мунун көзөй жана кесе турган ийнеси бар. Ал учтуу да, тегерек да, жалпак да көрүнөт. Алар менен тешет, жол салат, оюм-чийим чыгарат). Врачтар кадимки тиш салгандай аракеттерди чеберлер да жүргүзүшөт. Мында сөөк буюмун жасоо менен тишти жасоо, иштетүү бирдей көрүнөт. Алар колдоно турган аспап-куралдарды чеберлер да жазбай колдоно алат.
      Буюм боло турган сөөктүн сырты сомдолот. Андан кийин майда сыйдалоо жүргүзүлөт. Ошондон кийин оюм-чийим түшүрүү аракеттери башталат. Кум кагазды колго алып, аны этиеттеп сыйдалоо керек. Сөйкөнүн темир, күмүш илмектери бириктирилип, ал жалтыратылат. Чеберлер жалтыратууда жана жылмалатууда тиш порошогун, борду, эң болбоду дегенде кол аачый турган үлпүлдөк кагазды колдонушат. Мында ошол мүйүздүн таарындыларын буюмду жылмалатууга кайра колдонулушу мүмкүн. Механизмдин жардамы менен мына ушундай ыкма аркылуу, чеберлер азем буюм-тайымдардын формаларын өзүлөрү каалагандай өзгөртүп кармоого чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү бар.

Котормолордун мисалдары: СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ

Кыргызча Орусча
Эллисон Хант жаңы жамбаш сөөк алды Allison Хант получает новое бедро
Сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Компенсация за затрат на погребение
себеби ал ушунчалык терең кирип, сөөк менен сөөктүн чучугун бөлөт. ибо образно пронзает до разделения костей и их мозге.
Беш жума мурун мен бүткүл жамбаш сөөк алмаштыруу операциясынан өттүм. Пять недель назад я имел тотального эндопротезирования тазобедренного сустава.
Сөөк коюуга байланышкан чыгымдарды тарткан жарандар алган жөлөкпул зыяндын ордун толтуруунун эсебине кошулбайт. Захоронение надбавка, полученные физическими лицами, которые понесены эти расходы не должны быть включены в сумму компенсации.
Жабыр тартуучунун өлүмүнө алып келген зыян келтирүү үчүн жоопкер жак сөөк коюу менен чыгым тарткан жакка зарыл чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Лица, ответственные за ущерб, причиненный в случае смерти потерпевшего, обязаны возместить расходы, необходимые, чтобы похоронить человека, который понесенных эти расходы.
Мисалы, сөөк коюуга келген үй-бүлө мүчөлөрү аза күтүп турушту дегендин ордуна жакшы жазылган кабарда алар бирин-бири кучактап, буркурап ыйлап турушту деп сүрөттөө менен берилет. Например, вместо того чтобы сказать, что члены семьи на похоронах были горем, хорошо написанный новость покажет свое горе, описывая, как они обнялись и зарыдала.
Шаардык кеңеш «сөөк коюу ырасмисин» жакшыртуу үчүн добуш берсе, үналгыдан же кийинки күнкү гезиттерде шаар тургундарына «шаар жаңы көрүстөн курууну пландаштырууда» деген кабар берилип калышы ыктымал. Если городской совет голосует утвердить "новую INTERMENT центр" историю по радио или в газете на следующий день следует сказать жителям, что город "планирует построить новый кладбище"

Котормолордун мисалдары: СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ

Кыргызча Англисче
Эллисон Хант жаңы жамбаш сөөк алды Allison Hunt gets a new hip
Сөөк коюуга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу Compensation for Burial Expenses
себеби ал ушунчалык терең кирип, сөөк менен сөөктүн чучугун бөлөт. for it figuratively pierces to the dividing of bones and their marrow.
Беш жума мурун мен бүткүл жамбаш сөөк алмаштыруу операциясынан өттүм. Five weeks ago I had total hip replacement surgery.
Сөөк коюуга байланышкан чыгымдарды тарткан жарандар алган жөлөкпул зыяндын ордун толтуруунун эсебине кошулбайт. Burial allowance received by individuals who incurred these expenses shall not be included in the amount of the compensation.
Жабыр тартуучунун өлүмүнө алып келген зыян келтирүү үчүн жоопкер жак сөөк коюу менен чыгым тарткан жакка зарыл чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Persons liable for damage caused by the death of an injured person must compensate the expenses necessary to bury the person who incurred these expenses.
Мисалы, сөөк коюуга келген үй-бүлө мүчөлөрү аза күтүп турушту дегендин ордуна жакшы жазылган кабарда алар бирин-бири кучактап, буркурап ыйлап турушту деп сүрөттөө менен берилет. For example, instead of saying that family members attending a funeral were grief-stricken, a well-written news story would show their grief by describing how they hugged each other and sobbed.
Шаардык кеңеш «сөөк коюу ырасмисин» жакшыртуу үчүн добуш берсе, үналгыдан же кийинки күнкү гезиттерде шаар тургундарына «шаар жаңы көрүстөн курууну пландаштырууда» деген кабар берилип калышы ыктымал. If the city council votes to approve "a new interment facility," the story on the radio or in the next day's newspaper should tell residents that the city "plans to build a new cemetery"

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: