СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ |
түшүрүп, айрым ашык жерлерин чарыкка алдырып таштайт. Мында чийилген кагаз үлгү башкы мааниге ээ болот. Медициналык бор машинасын иштетүү керек. (Мунун көзөй жана кесе турган ийнеси бар. Ал учтуу да, тегерек да, жалпак да көрүнөт. Алар менен тешет, жол салат, оюм-чийим чыгарат). Врачтар кадимки тиш салгандай аракеттерди чеберлер да жүргүзүшөт. Мында сөөк буюмун жасоо менен тишти жасоо, иштетүү бирдей көрүнөт. Алар колдоно турган аспап-куралдарды чеберлер да жазбай колдоно алат. Буюм боло турган сөөктүн сырты сомдолот. Андан кийин майда сыйдалоо жүргүзүлөт. Ошондон кийин оюм-чийим түшүрүү аракеттери башталат. Кум кагазды колго алып, аны этиеттеп сыйдалоо керек. Сөйкөнүн темир, күмүш илмектери бириктирилип, ал жалтыратылат. Чеберлер жалтыратууда жана жылмалатууда тиш порошогун, борду, эң болбоду дегенде кол аачый турган үлпүлдөк кагазды колдонушат. Мында ошол мүйүздүн таарындыларын буюмду жылмалатууга кайра колдонулушу мүмкүн. Механизмдин жардамы менен мына ушундай ыкма аркылуу, чеберлер азем буюм-тайымдардын формаларын өзүлөрү каалагандай өзгөртүп кармоого чыгармачылык бөтөнчөлүктөрү бар. |
Хотите добавить свой перевод для слово: "СӨӨК СӨЙКӨ-ЖЕЛБИРӨӨЧ"?
Ввойти