-
көр
-
Iзат. Мүрзө, кабыр. Көр казып жаткандар бери карата чубап калышты (Жантөшев).
¨Көр турмуш — абдан кыйын, оор турмуш. Көр оокат — жабыркаган, жетишпеген оокат. Көр-жер — жалпы эле майда-чуйда буюмдар. Үй-ичке керектүү көр-жер, камдайбызбы (Бейшеналиев). Көр чеңгел — чоң чеңгел, баарын бир шыпырып кетсе толбогон чеңгел же обору ач, тойбогон киши маанисинде. Көр казуу – бирөөгө жамандык кылуу, жамандык издөө. Көр азап — оор азап, кыйын турмуш. Көр азабын көрүптүр, Жети жыл анда жүрүптүр («Манас»). Көрбөгөнү көр болуу — кыйынчылыкта болуу, азап-тозокко дуушар болуу. Көрбөгөнүм көр болду, Кирбегеним жер болду («Эр Табылды»). Көр оозунда — өлүм алдында. Көр байге — кадырлуу адамдар өлгөндө ат чаптырып, ошого берилүүчү байге. Көр жеме – майда жемечил, майда жеме. Көр жеме кайнатамдын көрсөтпөгөнү калган жок («Ала-Тоо»). Чыдай албайм сенин көр жемеңе (Байтемиров).
КӨР II сын. Сокур. Боорум үшүп чер болду, Көзүм көрбөс көр болду (Тоголок Молдо).
КӨР IIIэтиш 1. Көз жүгүртүү, көрүү сезими менен байкоо. Көрбөс төөнү да көрбөйт (макал).- 2. Баам кылуу, ушундайча деп эсептөө, сезүү. Жек көрдү. Эп көрдү. Жакшы көрдү. Жаман көрдү. Көп көрдү. Өөн көрдү. Кем көрдү.
- 3. Дуушар болуу, башынан кечирүү. Азап көрдү. Ыза көрдү. Жабыр көрдү.
- 4. Жардамчы этиш катарында колдонулат. Айта көр. Тие көрбө. Бере көрбө.
¨ Көрө албоо — ичи тарлык кылуу.
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | көр |
Множ. число | көрлөр |
Склонение по падежам - "көр"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | көр |
Родительный Чей? | көрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | көргө |
Винительный Кого?, Что? | көрдү |
Местный Где?, У кого? | көрдө |
Исходный Где?, У кого? | көрдөн |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | көрлөр |
Родительный Чьи? | көрлөрдүн |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | көрлөргө |
Винительный Кого?, Что? | көрлөрдү |
Местный Где?, У кого? | көрлөрдө |
Исходный Откуда?, От кого? | көрлөрдөн |
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
көр