Меню
Эл-Сөздүк

куда

куда
куда башы
куда-сөөк
куда түш-

куда

зат. Күйөөнүн жана келиндин аталары, же алардын агайын-туугандары бири-бирине карата аталышы. Эртең той түшөт, кудалар, кудагыйлар келишет (Жантөшев).
¨ Куда түшүү же куда болуу — жигиттин ата-энеси болочок келининин ата-энесине мал жана башка буюмдарды алып барып, алардын макулдугун алып, баш байлашып коюу. Бел куда болуу — балдары төрөлө электе кудалашуу, куда болушуу. Бешик куда болуу — балдары кичинекей, бешиктеги мезгилинде кудалашуу, куда болушуп, баш байлашып коюу. Кайчы куда — бири-биринен кыз алышып, кыз беришкен кудалар. Куда башы — куда болуп келгендердин башчысы, аксакалы.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: