(НАСКАБАК) — «Чалдар да жыргап ал кезде, Чакчадан насын чекчү эле» (Байдылда). Бул — назбай чегүүчүлөрдүн өздүк буюму. Илгери элибизде мүйүз чакча урунуу салттуу болгон. Ага назбай салынып, чөнтөккө дайыма сакталуучу. Бул чакан идиш күмүштөн да, жезден да, мистен да, калайдан да чүкүрттөлүп жасалып, анын бетине кадимки металлга таандык элдик көркөм оюм-чийим түшкөн. Ашкабактан кургатылып оюлган чакчаны «наскабак» дейт. Муну көбүнчө Түштүк Кыргызстандын журтчулугу арбын колдонушат. Чеберлер чакчаны жасоодо адегенде жердигин тандашкан. Буюм негизинен төрт бөлүмдөн турат. Чакчанын эки капталынан бирөө жазыраак, экинчиси кичирээк алынат да, аларды өзүнүн мүйүздөн же жыгачтан жасалган жатагына коюп, эки бөйрөгүн чыгарып туруп, ичинен бири-бирине жиксиз бириктирет. Айрым зергерлер алардын бөлүктөрүн ичтен кабыштырууда ыро колдонушат. Коргошун менен кепшердейт. Чакчаны моюнунун оозуна кайрыла коюлуучу жери «чакчанын курбусу» деп аталат. Анын оозу менен моюну гана данакерленип, тыгыны чачыланат да, күмүш, жез, калай, мис аркылуу чүкүрттөлөт. Чакчанын эки жак беттерине «чапкылоо ыкмасы» аркылуу чапкылар менен түшүрүлүүчү оюм-чийимдер негизинен «мүйүзчөлөнүп», ич ара «табакчаланып», «куш тырмактанып», «жарым кыялданып», кудум шырдак оюмдары сымалданып кетет. Чакчанын бөлүктөрүн ичинен жиксиз бириктирүүдө зергерлердин жекече ыкмаларынын жашыруун сырларын өзүлөрү гана билишкен.
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как ЧАКЧА
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
-3Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 1 - 4? Ответ:
Отправить
зат. Жанга алып жүрүүгө ылайыкталып мүйүздөн, металлдан жасалган асмай салгыч, асмай салууга колдонулган кичинекей бөтөлкө. Мамбеткул күрмөсүнүн чөнтөгүнөн чакчасын алып, Мамбетке сунду (Каимов).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как чакча
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
12Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 6 х 2? Ответ:
Отправить