Меню
Эл-Сөздүк

туура-

туура- (кишини)

туура-

туура- (этти)

туура

туура (туурасы, эни),
туурасы

туура

туура (такт.)

туура

I зат. 1. Бир нерсенин эни, эки капталынын аралыгы, жазылыгы. Туурасына көз жетпес, Бет алдында чоң мунар, Эми көзгө көрүнөт («Эр Төштүк»). Туурасы жоон — бою пас, Дулдугуй беттүү, өңү саз («Манас»).
2. Узунунан эмес, көлдөлөңүнөн. Атка туура өңөрүп алышып, чаап жүрүп калышты (Жантөшев). Алдына туура асынган, Автоматчан бир бөлөк (Бөкөнбаев).
3. Каптал тарап, эки жагы. Туурадан шабыр-шубур табыш чыкты (Сыдыкбеков). Туура жагын караса, Бир бөлүгү жылкынын, Чыйырчыктай карала («Манас»).
ТУУРА II сын. 1. Жалган эмес, чын; чындыкка негизделген, чындыкты көрсөткөн. Корчунун [инилерин] билдиргендер «кишиге зыяндары жок, туура сөздүү деше турган (Аалы). Чын сөздү туура айтуудан таймана албайм, Биз элбиз, биз кишибизсени менен (Осмонов).
2. Чынчыл, калыс, түз, эч тарапка кошулбаган. Туура бийде тууган жок, Туугандуу бийде ыйман жок (макал).
3. Жаңылыш эмес, ката эмес. Сынай бил адам уулун туура баалап (Осмонов). Сөзүң чын, Жолуң туура, молсуң, кеңсиң, Шертиң ак, ошондуктан ыйык элсиң (Осмонов).
4. Ылайык, ылайыктуу, төп. Эл Алымкулдун сөзүн туура табышты (Абдукаримов). Таалайыңа жалгызым, Талабың туура туш болсун («Курманбек»).
5. Дал, нагыз. Нурийла Абылдан туура үч жаш кичүү (Таштемиров).
ТУУРА III этиш. Кандайдыр бир кыймыл-аракетке, сүйлөгөнүнө ж. б. окшоштура кыймыл-аракет жасоо, сүйлөө ж. б. [Токтогулдун] элпек көмөкөйүда канаттуулардын түркүн тилдүү, шыңгыр дабыштарын туурап, кайталоо менен алектенди (Аалы). Дайым чоң энесин-туурап сүйлөгөн Динар кишилер күлгөнгө бир аз кызарып, кошо күлдү (Сыдыкбеков).
ТУУРА IV этиш. Майдалап кесүү, майдалап бөлчөктөө, кырчып кесүү. Эт майда тууралган экен. Жылдызкан заматтын ортосунда пияз, сабиз тазалап, аарчып, туурап жиберди (Байтемиров). — Чайыңа нандан туурап алгын, Алым (Жантөшев).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сантуура
Көптүк сантууралар
Жөндөлүшү - "туура"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?туура
Илик Кимдин? Эмненин?тууранын
Барыш Кимге? Эмнеге?туурага
Табыш Кимди? Эмнени?туураны
Жатыш Кимде? Эмнеде?туурада
Чыгыш Кимде? Эмнеде?туурадан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?тууралар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?тууралардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?туураларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?туураларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?туураларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?тууралардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: