Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Мага котормо керек
КирүүКатталуу
Соц. тармактар аркылуу кирүү
<->
 
Яндекс переводчик <->
Сиздин котормолоруңуздун тарыхы:
 
 
Мурунку которуулар
Онлайн маалымат/котормолор
Online Котормочу
Найденные
Табылгандар/Натыйжа для - билерик
 

билерик

 
1. браслет;
2. поперечные тёмные круги на ногах лошади.

билерик

 
браслет

БИЛЕРИК

 
«Кош билерик, кош шакек, оң колуңа сала кет» (Тоголок Молдо). Бул — зер буюму. Мунун эни ар кандай көрүнөт. Дегинкиси, жазыраак билерик көркөм көрүнөт. Билериктин да шакектей өзүнүн калыбы бар. Андан муунак-муунак болуп чыккан күмүш билерик түспөлүн жараткандан кийин мунун эки башын атайын чарчылап, төрт кырдап, ага тиешелүү чапкылар менен «көзчөлөп», «жылдызчалап» кооздук түшүрүлөт. Мындай билериктин жалпы айланасына чапкылар аркылуу толкун сызыктарды, же «айчык», «тоок көз» жылдызчаларды сейректете чабат. Ал эми атайын чапкы менен из түшүрүлгөн ушундай эле үлгүдө да калыңыраак зомдолгон билериктин ортосуна өзүнчө төрт бурчтуу таман чыгарып, ага «тумарча», «ийрек» сыяктуу оюмдарды жарашыктуу берет.
      «Сыя төгүп», оюм-чийим түшүргөн билерик жукаараак, бирок, эндүү болушу зарыл. Мунун таманы тегерек келип, ага түшкөн оюмдар шакектикине, чолпунукуна окшошот. Бермет, акак таш, айнек өңдүү асыл жана ага тете заттарды чөгөрүп, тегерете торчолоп кармалган билериктер айыл арасында көп кездешет. Кыз-келиндердин кооз зер буюмдары менен ат жабдыктарын «тогуз төбөлөөдөн» мунун кооздугу анча айырмаланбайт. Мындай шөкөттөөлөр бул буюмдун эки башында болот. Эни чоң, экиден төрт кичине, асыл таштарды куткундап чөгөрсө, буюм жүзүнө чыгат.
      Жердиги жука билерикти жазы алып, жалаң чапкылоо менен кооздук берүүнүн түркүн сырлары бар. Аны майдалап көркөмдөп отуруу килем көчөттөрүнө окшошуп кетет. Алсак, анын четине «көбөйтүү» (XXX) түрдү кош сызып кайталай түшүрүп, анан «айчыкты» айкалыштырып, арасына «тоок көзчөнү» берип, кайрадан «көбөйтүү» белгилери («XXX») келип, «айчык», «көзчө» кайталанып, мурунку көркөмдүктөр алмаша берилет. «Колунда күмүш билерик, Колуктум болсоң түбөлүк»...— Уз колдогу жумуру билерик билекти ого бетер көркөмдөйт.
      Жез билерик жасоодо адегенде жезди тазалоо үчүн сууну шарактата кайнатып, ага туз менен ачык ташты салуу зарыл. Көк жашыл бөтөлкөдөн майдалап алган «заркун» деген менен сүртө баштаганда жез билерик өзү эле жүзүнө чыгат.

билерик

 
  • bangle
  • bracelet
  • БИЛЕРИК

     
    БИЛЕРИК — кейипкер. Негизги варианттарда Б-тин кытайларга колго түшүү окуясы ар башкача берилет. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Жаангер кожонун баласы делет. Б-ти колго түшүрүп алган Нескара аны Кырмус шаага берет. Кырмус шаа баланы зынданга салып коёт. Жаангер кожо Кошойду издеп таап, андан жардам сурайт. Кошой кол курап алып Кырмус шааны өлтүрүп Б-ти бошотот (Сагымбай Орозбаков, 2. 10—11). Туткундан бошонгон Б. атасына баратып, экинчи жолу дагы колго түшүп, зынданда жаткан жеринде Арсалаң кандын кызы Нургусар менен таанышып, экөө бири-бирине ашык болуп кошулушат. В. Жирмунский белгилегендей мындай мотив эпикалык чыгармаларда жана элдик романдарда кеңири тараган. Саякбай Каралаевдин варианты нда Б. Айкожонун баласы деп айтылат. Бээжинге элчи барган Б-ти сынап көрүп, кармап алышкан Нескара менен Жолой «Буруттун ушул белдүү баатыры чекти бузуп келип, согушта далай эрди өлтүрдү эле, кармап сизге тартууга алып келдик» деп Эсенкандын колуна берет. Эскенкан Б-ти кырк аркан бою зынданга салып коёт. Кытайлардын колунда туткунда жаткан Б. менен Жарманасты куткаруу үчүн бара турганын Кошой өзүнө жолугууга келген Манаска айтат. Манас менен Кутубий Эсенкан жиберген көп кол менен Алтайда согушуп жатканда кол курап Бээжинге барган Кошой эки баланы бошотуп алат (Саякбай Каралаев, 1. 146—147). Эки вариантта тең Б-ти Кошой бошотуп, анын баатыр экендиги айтылса да өзгөчө эрдик иштери сүрөттөлбөйт.
    Р. Сарыпбеков

    билерик

     
    [bilerik]
    bilezik

    билерик

     
    bilezik.

    билерик

     
    билерик (билеризик, билезик эмес), билериги, билерикке

    билерик

     
    зат. Аялдар билегине сала турган күмүштөн, алтындан же башка металлдан жасалган кооздук буюму. Кош билерик, кош шакек Оң колуңа сала кет (Тоголок Молдо). Колундагы кош билерик.. сулуунун көркүн чыгарып, көрүнүшүн миң кубултат (Жантөшев).
    Негизги мүнөздөмөлөрү
    Сөз түркүмүЗат атооч
    Жекелик санбилерик
    Көптүк санбилериктер
    Жөндөлүшү - "билерик"
    Жекелик сан
    ЖөндөмөлөрЖекелик сан
    Атооч Ким? Эмне?билерик
    Илик Кимдин? Эмненин?билериктин
    Барыш Кимге? Эмнеге?билерикке
    Табыш Кимди? Эмнени?билерикти
    Жатыш Кимде? Эмнеде?билерикте
    Чыгыш Кимде? Эмнеде?билериктен
    Көптүк сан
    ЖөндөмөлөрКөптүк сан
    Атооч Кимдер? Эмнелер?билериктер
    Илик Кимдердин? Эмнелердин?билериктердин
    Барыш Кимдерге? Эмнелерге?билериктерге
    Табыш Кимдерди? Эмнелерни?билериктерди
    Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?билериктерде
    Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?билериктерден


    Хотите добавить свой перевод для слово: "билерик"? Ввойти


    Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
    Language:
    Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
    Онлайн - рег.= = =
    Рейтинг@Mail.ru