БИЛЕРИК |
«Сыя төгүп», оюм-чийим түшүргөн билерик жукаараак, бирок, эндүү болушу зарыл. Мунун таманы тегерек келип, ага түшкөн оюмдар шакектикине, чолпунукуна окшошот. Бермет, акак таш, айнек өңдүү асыл жана ага тете заттарды чөгөрүп, тегерете торчолоп кармалган билериктер айыл арасында көп кездешет. Кыз-келиндердин кооз зер буюмдары менен ат жабдыктарын «тогуз төбөлөөдөн» мунун кооздугу анча айырмаланбайт. Мындай шөкөттөөлөр бул буюмдун эки башында болот. Эни чоң, экиден төрт кичине, асыл таштарды куткундап чөгөрсө, буюм жүзүнө чыгат. Жердиги жука билерикти жазы алып, жалаң чапкылоо менен кооздук берүүнүн түркүн сырлары бар. Аны майдалап көркөмдөп отуруу килем көчөттөрүнө окшошуп кетет. Алсак, анын четине «көбөйтүү» (XXX) түрдү кош сызып кайталай түшүрүп, анан «айчыкты» айкалыштырып, арасына «тоок көзчөнү» берип, кайрадан «көбөйтүү» белгилери («XXX») келип, «айчык», «көзчө» кайталанып, мурунку көркөмдүктөр алмаша берилет. «Колунда күмүш билерик, Колуктум болсоң түбөлүк»...— Уз колдогу жумуру билерик билекти ого бетер көркөмдөйт. Жез билерик жасоодо адегенде жезди тазалоо үчүн сууну шарактата кайнатып, ага туз менен ачык ташты салуу зарыл. Көк жашыл бөтөлкөдөн майдалап алган «заркун» деген менен сүртө баштаганда жез билерик өзү эле жүзүнө чыгат. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | билерик |
Множ. число | билериктер |
Связанные слова |
---|
билек |
билериктүү |
зергерчи |
күмүш |
кооздук |
зергерчилик |
Склонение по падежам - "билерик"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | билерик |
Родительный Чей? | билериктин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | билерикке |
Винительный Кого?, Что? | билерикти |
Местный Где?, У кого? | билерикте |
Исходный Где?, У кого? | билериктен |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | билериктер |
Родительный Чьи? | билериктердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | билериктерге |
Винительный Кого?, Что? | билериктерди |
Местный Где?, У кого? | билериктерде |
Исходный Откуда?, От кого? | билериктерден |
Получить все переводы слова - "БИЛЕРИК" по направлению Kırgız-Kırgız.
Найти все переводы слова "БИЛЕРИК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "БИЛЕРИК"?
Ввойти