Меню
Эл-Сөздүк

сыр

сыр (боёк)
сыр аяк
сыр найза

сыр

сыр (ички ой-пикир)
сыр алгы
сыр алдырбоо
сыр алдыруу
сыр бербөө
сыр билги
сыр жашыруу
сыр көрсөтүү
сыр сандык
сыр түйүн
сыр чечүү

сыр

сыр (быштак)

сыр

сыр (учу, чокусу)
сыр жебе

сыр

I зат. 1. Бузулбай көпкө сакталып, сапатын жоготпоо, көрктүү болуу үчүн жыгачтан, темирден ж. б. жасалган буюмдарды, курулуштун бөлүктөрүн, машиналарды ж. б. сырдоого жумшала турган боёк заты. Пол сырдай турган сыр. Темирдин сыры. Сары сыр. Көк сыр.
2. Ушундай зат менен сырдалган, кооздолгон. Алымбүбү сыр чөйчөккө ачкылкуюп келип Жапарга сунду (Баялинов). Бапестелип сыр бешикке бөлөндүм (Бейшеналиев).
СЫР II зат. 1. Ички ой -пикир, жашыруун сактаган ой-пикир, ички сезим. Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Жакшынын сыры ичинде, жамандын сыры сөзүндө (макал). Аны сырың айтпасаң, Сенин тилиң албаймын («Манас»).
  1. 2.                  Айтууга, жарыя кылууга болбой турган жашыруун маалымат, кабар. Душманыңа алданып, Элиңдин сырын сатпагын (Токтогул). Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла («Мендирман»). Сүйлөдү кат маанисин курдашына — Согуштук сыр эмес да жашыргандай (Үмөталиев).
  2. 3.                  Кандай экени али билине элек белгисиздик, табышмактуулук. Биздин бабалар тоонун ички сырын ачууга күчсүз болушту (Сыдыкбеков).
  3. 4.                  Кулк-мүнөз, кыял-жорук, өздүк (жекече) сапат. Татыбектин сыры. белгилүү да (Байтемиров). Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнүнө маалым (макал).

Сыр көрсөтүү — кыр көрсөтүү, сес кылуу. Ал сыр көрсөткөндөй үнүн бийик чыгарып жооп берди («Советтик Кыргызстан»).
СЫР III зат. Атайын жолдор менен сүттөн жасалган азык. Айша колундагы сырды жукалап кесип жатты («Ала-Тоо»).
Негизги мүнөздөмөлөрү
Сөз түркүмүЗат атооч
Жекелик сансыр
Көптүк сансырлар
Жөндөлүшү - "сыр"
Жекелик сан
ЖөндөмөлөрЖекелик сан
Атооч Ким? Эмне?сыр
Илик Кимдин? Эмненин?сырдын
Барыш Кимге? Эмнеге?сырга
Табыш Кимди? Эмнени?сырды
Жатыш Кимде? Эмнеде?сырда
Чыгыш Кимде? Эмнеде?сырдан
Көптүк сан
ЖөндөмөлөрКөптүк сан
Атооч Кимдер? Эмнелер?сырлар
Илик Кимдердин? Эмнелердин?сырлардын
Барыш Кимдерге? Эмнелерге?сырларга
Табыш Кимдерди? Эмнелерни?сырларды
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде?сырларда
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден?сырлардан

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)


Мындан бөлөк тилдерде табылган ушундай сөздөр:

RU


Мындан бөлөк тилдерде табылган окшош сөздөр:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: