-
сыр
-
I зат. 1. Бузулбай көпкө сакталып, сапатын жоготпоо, көрктүү болуу үчүн жыгачтан, темирден ж. б. жасалган буюмдарды, курулуштун бөлүктөрүн, машиналарды ж. б. сырдоого жумшала турган боёк заты. Пол сырдай турган сыр. Темирдин сыры. Сары сыр. Көк сыр.
2. Ушундай зат менен сырдалган, кооздолгон. Алымбүбү сыр чөйчөккө ачкылкуюп келип Жапарга сунду (Баялинов). Бапестелип сыр бешикке бөлөндүм (Бейшеналиев).
СЫР II зат. 1. Ички ой -пикир, жашыруун сактаган ой-пикир, ички сезим. Миң кишинин атын билгенче, бир кишинин сырын бил (макал). Жакшынын сыры ичинде, жамандын сыры сөзүндө (макал). Аны сырың айтпасаң, Сенин тилиң албаймын («Манас»).- 2. Айтууга, жарыя кылууга болбой турган жашыруун маалымат, кабар. Душманыңа алданып, Элиңдин сырын сатпагын (Токтогул). Кылдаттык менен абайлап, Жоонун сырын алгыла («Мендирман»). Сүйлөдү кат маанисин курдашына — Согуштук сыр эмес да жашыргандай (Үмөталиев).
- 3. Кандай экени али билине элек белгисиздик, табышмактуулук. Биздин бабалар тоонун ички сырын ачууга күчсүз болушту (Сыдыкбеков).
- 4. Кулк-мүнөз, кыял-жорук, өздүк (жекече) сапат. Татыбектин сыры. белгилүү да (Байтемиров). Аттын сыры ээсине маалым, кыздын сыры төркүнүнө маалым (макал).
♦ Сыр көрсөтүү — кыр көрсөтүү, сес кылуу. Ал сыр көрсөткөндөй үнүн бийик чыгарып жооп берди («Советтик Кыргызстан»).
СЫР III зат. Атайын жолдор менен сүттөн жасалган азык. Айша колундагы сырды жукалап кесип жатты («Ала-Тоо»).
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)
Такое же слова на других языках:
RU
Похожие слова на других языках:
RU
- сыр (ru-kg)
- сыр-бор (ru-kg)
- Сырая нефть (ru-kg)
- сыреть (ru-kg)
- сырец (ru-kg)
- сырник (ru-kg)
- сырный (ru-kg)
- сыровар (ru-kg)
- сыроварение (ru-kg)
- сыроварный (ru-kg)
- сыроварня (ru-kg)
- Сыровато получилось (ru-kg)
- сыроежка (ru-kg)
- сырой (ru-kg)
- сырой (не готовый) (ru-kg)
- сырок (ru-kg)
- сыромятный (ru-kg)
- сыромять (ru-kg)
- сырость (ru-kg)
- Сырть (ru-kg)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
сыр