|
жалган
|
|
Iзат. 1. Калп, чын эмес. Жалганы жок ичинде, Жакшы айтты сөздүн ырасын (Үсөнбаев). Бул сөзүндө жалган жок (Тоголок Молдо).
- 2. Чыныгы эмес; жасалма. Жалган расписка. Ревизионисттер — бул жалган марксисттер («Коммунист»).
- 3. дин. Түбөлүк эмес, убактылуу дүйнө. Анык булбул экенсиң, Бу жалганга бир келген (Токтогул). Жалганда ишиң оңолот, Жакшы болсо алганың (Токтогул). Өткөн соң жалган дүйнөдөн, Өбөктөсөң табылбайт (Барпы).
¨ Жалган түш — түшкө жакындап калган убакыт. Күн жалган түш (Сыдыкбеков). Күн обого толгондо, Жалган түш жаңы болгондо («Манас»).
ЖАЛГАН II жалга этишинин өздүк мамилеси.
|