-
АЛБАРС
-
АЛБАРС — сапаты эң жакшы болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы жана башка жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан. Эпосто А. кылыч жасалганда ушул касиеттер толугу менен сакталгандыгы айтылат. А. кылычтын айрым жасалгаланышы жана табияттын тыш кереметтери төмөнкүчө чагылдырылат:
Атадан калган курч кылыч,
Борумун чабып чыгарган,
Уй майына сугарган
Караңгыда суурса
Кызыл өрттөй кызарган...
Бетине алтын чаптырган,
Кылычынын сабы алтын
Кармай турган жери алтын («Кысса Семетей бу-турур»),
А. ак албарс, ач албарс деп да аталган алты курчтун бири.
К. Айдаркулов
-
Албарс
-
Албарс – сапаты эң жакшы болгон болоттон жасалган өткүр кылыч. Эпостогу «ак албарс», «мизин болот чыгарган», «ак болоттон миз кылган», «уңгусу болот, учу курч» деген саптарга караганда баатырлардын кылычы ж.б. жоо-жарактары курч темирден жасалгандыгы байкалат. Тараптар душмандын жаратын ырбатыш үчүн курал жасатып жатканда аны уунун кошулмасына сугарышкан (Манас энциклопедиясы. Т. 1. 75-б.).
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | албарс |
Көптүк сан | албарстар |
Жөндөлүшү - "албарс"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | албарс |
Илик Кимдин? Эмненин? | албарстын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | албарска |
Табыш Кимди? Эмнени? | албарсты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | албарста |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | албарстан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | албарстар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | албарстардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | албарстарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | албарстарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | албарстарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | албарстардан |
Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
АЛБАРС