-
кыл
-
кыл I
1. волос хвоста, гривы;
чочко кылы щетина;
2. волосок, шерстинка; волос вообще (упавший с тела);
3. струна;
кыл мая (или кылмая) тоненький, хиленький (гл. обр. о стеблях проса и мака);
кыл курт южн. болезнь языка у жеребят;
кыл жылан зоол. волосатик;
кыл алды самый первый; самый лучший;
кыл чоку самая верхушка;
кылдын учунда турат висит на волоске;
кылыма да зыян келтире албас он мне и на волос (букв. даже моему волоску) вреда не сможет причинить;
кылдай или кара кылдай или кылча чуточку, немножечко;
кылдай совершенно одинаковый;
сексен кылдай кара ат восемьдесят совершенно одинаковых вороных коней;
кылдай тең абсолютно равный;
кылдай или кылча в отриц. обороте ничуть, ни на волос;
кылдай жаңылышпайбыз мы ничуть не ошибёмся;
кылча с последующим отрицанием ни на волосок, ничуть, даже чуточку не...;
кылча кшянаты болгон жок он не совершил ни малейшего преступления;
кылча жанын аябай ничуть не жалея жизни своей;
кыл аябай ничего не жалея;
кыл эмеси калбасын пусть ничего и никого не остаётся (всё должно быть уничтожено или взято);
кыл таштабай сплошь, всех до единого;
кара кылды как жар вынести мудрое решение (букв. расщепить волос как раз пополам);
кара кылды как жарган мудрейший (напр. о судье, арбитре);
кыл чыгарбас или колунан кыл чыгарбас скряга;
кыл чыгарбас Элеман мал менен жандын баарынан такыр кечип таштады фольк. скряга Элеман (стал) не рад скоту и жизни;
кыл кыркпай калган пришедший в полную негодность (о предмете); вышедший из строя (о живом существе);
кыл кыркпай калган бычак совершенно тупой и негодный нож;
кыл кыркпай калган бээ вышедшая из строя кобыла;
кыл кыркма ист. перерезание волоса (при разводе конский волос перерезался пополам, одна половина отдавалась разведённой жене, а другая - мужу; то же делалось и при расторжении сватовства);
көтүнө кыл сыйбай калды груб. его положение отчаянное;
кыл тамак см. тамак 2;
кылдан кыйкым тап- см. кыйкым;
кыл башында- или кылды башында см. кылды;
кыл куйрук см. куйрук;
кыл мурут см. мурут II;
жанды кылга байлап см. жан II;
кылча жан см. жан II 6.
кыл II
ир.
1. сорт, вид;
ар кыл (или аркыл) разных сортов, разносортный, разнообразный;
ар кыл милдетти аткарат он выполняет различные обязанности;
бир кыл
1) одного сорта;
2) в некотором роде;
2. отменный, отличный;
кыл тамырчы отличный, знающий лекарь (см. тамырчы);
кыл аттар отменные кони;
кыл баатыр знаменитый богатырь;
кыл баатырдын бири деп, адамдын артык алпы деп фольк. он, мол, один из знаменитых богатырей, он, мол, лучший из богатырей.
кыл- III
1. делать, совершать действие;
эмне кылып жүрөсүң? ты что делаешь? что поделываешь?
соода кыл- заниматься торговлей; торговать;
муну эмне кыламын? что я буду с этим делать? для чего мне это?
аздык кылат мало, недостаточно будет;
көптүк кылат много, излишне будет;
бул үй мага кеңдик кылат эта комната для меня слишком просторна;
жакшылык кыл- делать добро;
жамандык кыл- делать зло, причинять зло;
2. южн. возделывать, сеять (выращивать);
буудай, таруу, нокот кылат он сеет пшеницу, просо, горох;
эгин кылып жүрүп, бай болуп калат занимаясь земледелием (букв. посевами), он разбогатеет;
3. южн. резать, забивать (животное);
кой кылдыңбы, эчки кылдыңбы? ты овцу зарезал или козу?
кылбаганын кылды он учинил гнусность; он сделал пакость;
кылбаганы жок неме видавший виды, бесшабашный;
сенин кылып жүргөнүң это твои проделки;
акмак кыл- одурачивать;
чоңдук кыл- изображать из себя начальника; зазнаваться;
качып кетти (алып кетти, уурдап кетти и т.п.) кылып изобразив дело так, будто он убежал (унёс, украл и т.п.);
сага кылбасам! см. сен I.
-
кыл
-
I зат. 1. Жалдын, куйруктун ж. б. жоонураак келген айрым талы жана алардын жалпы аты. Кыл чайнап, балбан Тиштээк кайраттанган (Маликов). Кыл аркан. Кыл чылбыр. - 2. Жалпы эле жүн; териден түшкөн жүн. Кийим илгичтеги макентошунун суусун силкип, кыл-сылын тазалап кайрадан илип койдум (Каимов). Султаның Табыл унчукпайт, оң колун карап ыргытып, Бир тутам буурул кыл таштайт («Эр Табылды»).
- 3. Музыкалык инструментте (комуз, балалайка ж. б.) тагылуучу ичегиден, сымдан жасалган жипче. Үч буроо, жалгыз тээк, үч кыл комуз (Осмонов). Асан карыя комузунун.. кылын саал чыңап,.. тээгин.. жогору жылдырып койду (Аалы).
♦ Кыл жуугуч — кылдан тоголоктоштуруп жасалган казан жуугуч. [Күлүкан] жерде жаткан кыл жуугучту керегенин башына кыстарды (Жантөшев). Кыл курт — жип сыяктуу жумуру узун курт. Кара кылды как жарган (бөлгөн) — адил, калыс, бардык нерсеге тең караган. [Сатаров] кара кылды как жарган калыс адам (Байтемиров). Ичине кара кыл айланбаган — ичи тар, көрө албаган. Кылдан кыйкым табуу — болбогон жерден эле күнөөлөө, жок жерден шылтоо таап урушуу, жок жерден кемчилик табуу. Кыл жылдырбоо — зыкымдык, сараңдык кылуу, колунан эч нерсе чыгарбоо. Кыл торко — жүндөн токулган жакшы сапаттагы кездеме. Кыл торко юбка, ак жибектен кофта (Сыдыкбеков). Кыл кыркпоо — эч нерсе жебөө, тамактанбоо, наар албоо. Ала кылды аттабоо — ак, таза жүрүү, арамдык кылбоо. Кыл жукпоо — таза кармоо. Тасторконуна кыл жукпайт, идиштери жеткиле (Сыдыкбеков). Кыл үстүндө — өтө оор, кыйын абалда, кейиштүү . Арасынан кыл өтпөйт — өтө ысык, өтө ынак, ажырагыс дос. Кыл тамак к. тамак II. Кылың кыйшайбайт — эч нерсе болбойсуң, эч зыянга учурабайсың деген мааниде.
КЫЛ II бөл. Эң, өңчөй. Биздин заман учкул заман — Замандардын кыл алды (Бөкөнбаев). Кырк жигитин карачы, Кыл баатырдан кураган («Курманбек»).
♦ Ар кыл — ар түрдүү, ар кандай. Ар башка ар адамда ар кыл кыял (Осмонов). Аалы Токомбаевдин жазуучулук өнөрү ар кыл («Жаш ленинчи»). Бир кыл — бир түрдүү, бир катар; бирдей, текши, тегиз.
КЫЛ III этиш. Бир нерсени иштөө, жасоо. Кылганың киши үчүн болсо, үйрөнгөнүң өзүң үчүн (макал). Эгин айдап мал багып, Эмгек кылчу жай келди (Осмонкул).
So following similar words is found:
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
кыл