-
БУЮМ
-
«Устасы жакшы келишсе, Сынган буюм оңдолот» (Осмонкул). Элдик көркөм кол өнөрчүлүктө жасалуучу, турмуш-тиричиликте колдонмо-жасалга катары пайдаланылуучу нерселер, мүлктөр, эмеректер. Уста-усталардын жекече чыгармасы, чеберчиликте узанып - узданып жараткан нускалары жана үлгүлөрү. Көркөм буюм жаратуу — ал өнөр. «Буюм-тайым», «буюм-терим» деп айтыла берет да, ал (утилитардуу колдонмолук-жасалгалык жана уникалдуу (өтө көркөм, чында көрүнө турган) мааниге ээ болот. Демек, буюмдун жупунусу колдонмо, коозу жасалга катары жашап жагат. Ушундан улам колдонмо-жасалга өнөрү келип чыккан. Азыр бирикмелерде жана турмуш-тиричилик комбинаттарда эки максатты тең көздөп, утилитардык мааниге ээ болгон буюм - сувенирлер чыгарылууда.
Бир эле буюмду көркөмдөп да, жупунулап да кармоого болот. Андай бөтөнчөлүктөр устанын жана уздун өнөр дараметине байланышат. Ал эми азыркы курулуп, архитектуралык өзгөчөлүктөрү бар бөлмөнүн ичинен белекке берилген буюм-тайымдар өзүнө-өзү орун табат да, ошол эле тапта ал кооздукту да ыроолоп турат.
-
Буюм
-
БУЮМ – жарандык укуктун объектиси, табигый жаратылыштагы же адамдын эмгегинен жаралган тышкы (материалдык) дүйнөдөгү нерсе, мүлктүк укук мамилелеринин негизги объектиси. Б. артүркүн негизде: кыймылсыз (түбөлүк) жана кыймылдуу Б., негизги Б. же дүнүйө, бөлүнгүс Б., аралаш Б., жеке-таандык Б. жана тууган-уруктук белгилер менен аныкталуучу Б. ж. б. у. с. болуп бөлүнөт.
-
буюм
-
зат.. 1. Күндөлүк үй тиричиликте колдонулуучу ар кандай нерсе, мүлк, дүнүйө. Майда-чүйдө буюмдарымдын бардыгын Лайлыкандан берип жибердим (Жантөшев). Кычан.. тогоо, илгич өңдүү майда буюмдарды жасап коёт (Бейшеналиев).
2. өт. Эчтеме эмес, эч нерсеге турбайт; оңой, опоной. Ушу да буюмбу! Муну арыдан бери бүтүрө салбайбызбы («Ала-Тоо»). [Күлжан].. жаан жааганын буюм көрбөй баратат (Байтемиров).
♦Буюм-тайым же буюм-терим — ар түрлүү керектүү нерселер, буюмдар. Буюм-тайым бар беле? — деди карыган аял (Убукеев). Буюм-теримиңерди алып, ушу жерге так саат жетиде даяр болгула (Таштемиров).
So following similar words is found:
strtoupper(KG)
- буюм (зат)
- Буюм далил (айгак буюм)
- Буюм далил (айгак буюм)
- буюм далилдер
- Буюм жайгашкан жердин мыйзамы
- Буюм жайгашкан жердин мыйзамы
- буюм жалдоо
- Буюм кредити
- Буюм кредити
- Буюм укугу
- Буюм укугу
- буюм урунуу мерчими
- буюмдар базары
- Буюмдарды ээсиздендирип сактоо
- Буюмдарды ээсиздендирип сактоо
- буюмдат-
- буюмдата
- буюмдаштырыл-
- буюмдаштырылган эмгек
- буюмдаштырылган эмгек
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
БУЮМ