баш |
♦ Башына суу куюу к. куй III. Кашка баш — 1) куу, бышкан, дасыккан; 2) башында, маңдайында чачы жок. Баш маанек к. маанек. Баш чалгыч — керегенин башын кыркалата чалып курчап коюучу кооз сызма. Ак кийиз басып кылдатып, Баш чалгычы жибектен Баарын сонун чырматып («Олжобай менен Кишимжан»). Баш байлоо — кудалашып, кудалыкка макулдашып, кызды келиндикке негиздеп коюу. Боз баш — жаш, ар нерсеге көп түшүнө бербеген. Беш жолдошуң бар экен, Бешөө тең боз баш бала экен («Саринжи—Бөкөй»). Баш кесер к. кесер. Кара башы к. кара III. Артык баш к. артык. Как баш—кары кишилерге наалат айтканда колдонулат. Куу баш — баласыз, бала көрбөгөн. Баш алуу — жок кылуу, өлтүрүү, башын кесип таштоо. Баш тосуу — тобокелге салуу, кайраттануу, кыюу. Жанында бирге боломун, Өлүмгө башты тосомун (Турусбеков). Башы менен — биротоло, бүт боюнча. Башма-баш— эч кандай үстөк кошпой (алмашканда, айырбаштаганда). Баш багуу — башын созуп, башын киргизип кароо. Баш көтөрүү — 1) ордунан туруп отуруу, башын жогору кылуу. Баш көтөрүп көзүңдү ач («Курманбек»); 2) каршылык көрсөтүү. Баш көтөргөн душманды Темир колго кысабыз (Аалы). Башкөз болуу — акыл айтып, башкарып туруу; каралашуу, көз салуу. Журт ээси — башкөз боломун деп, жашынан бир айылдын жигиттерин сүрө чыккан (Сыдыкбеков). Башы ачык — эч кимге тиешеси жок, эч ким ээ болбогон. Баш тартуу — тайсалдоо, качуу, макул болбоо, киришпөө. Баш кошуу к. кош III. Баш ийүү к. ий III. Баш сүйлөм — багыныңкы сүйлөмдөр менен кошулуп, татаал сүйлөмдү уюштуруучу сүйлөм. Баш мүчө — сүйлөмдүн ээ, баяндоочу |
Негизги мүнөздөмөлөрү | |
---|---|
Сөз түркүмү | Зат атооч |
Жекелик сан | баш |
Көптүк сан | баштар |
Жөндөлүшү - "баш"
Жекелик сан
Жөндөмөлөр | Жекелик сан |
---|---|
Атооч Ким? Эмне? | баш |
Илик Кимдин? Эмненин? | баштын |
Барыш Кимге? Эмнеге? | башка |
Табыш Кимди? Эмнени? | башты |
Жатыш Кимде? Эмнеде? | башта |
Чыгыш Кимде? Эмнеде? | баштан |
Көптүк сан
Жөндөмөлөр | Көптүк сан |
---|---|
Атооч Кимдер? Эмнелер? | баштар |
Илик Кимдердин? Эмнелердин? | баштардын |
Барыш Кимдерге? Эмнелерге? | баштарга |
Табыш Кимдерди? Эмнелерни? | баштарды |
Жатыш Кимдерде? Эмнелерде? | баштарда |
Чыгыш Кимдерден? Эмнелерден? | баштардан |
Получить все переводы слова - "баш" по направлению Кыргызча-Кыргызча.
Найти все переводы слова "баш" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "баш"?
Ввойти