баш |
♦ Башына суу куюу к. куй III. Кашка баш — 1) куу, бышкан, дасыккан; 2) башында, маңдайында чачы жок. Баш маанек к. маанек. Баш чалгыч — керегенин башын кыркалата чалып курчап коюучу кооз сызма. Ак кийиз басып кылдатып, Баш чалгычы жибектен Баарын сонун чырматып («Олжобай менен Кишимжан»). Баш байлоо — кудалашып, кудалыкка макулдашып, кызды келиндикке негиздеп коюу. Боз баш — жаш, ар нерсеге көп түшүнө бербеген. Беш жолдошуң бар экен, Бешөө тең боз баш бала экен («Саринжи—Бөкөй»). Баш кесер к. кесер. Кара башы к. кара III. Артык баш к. артык. Как баш—кары кишилерге наалат айтканда колдонулат. Куу баш — баласыз, бала көрбөгөн. Баш алуу — жок кылуу, өлтүрүү, башын кесип таштоо. Баш тосуу — тобокелге салуу, кайраттануу, кыюу. Жанында бирге боломун, Өлүмгө башты тосомун (Турусбеков). Башы менен — биротоло, бүт боюнча. Башма-баш— эч кандай үстөк кошпой (алмашканда, айырбаштаганда). Баш багуу — башын созуп, башын киргизип кароо. Баш көтөрүү — 1) ордунан туруп отуруу, башын жогору кылуу. Баш көтөрүп көзүңдү ач («Курманбек»); 2) каршылык көрсөтүү. Баш көтөргөн душманды Темир колго кысабыз (Аалы). Башкөз болуу — акыл айтып, башкарып туруу; каралашуу, көз салуу. Журт ээси — башкөз боломун деп, жашынан бир айылдын жигиттерин сүрө чыккан (Сыдыкбеков). Башы ачык — эч кимге тиешеси жок, эч ким ээ болбогон. Баш тартуу — тайсалдоо, качуу, макул болбоо, киришпөө. Баш кошуу к. кош III. Баш ийүү к. ий III. Баш сүйлөм — багыныңкы сүйлөмдөр менен кошулуп, татаал сүйлөмдү уюштуруучу сүйлөм. Баш мүчө — сүйлөмдүн ээ, баяндоочу |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | баш |
Множ. число | баштар |
Склонение по падежам - "баш"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | баш |
Родительный Чей? | баштын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | башка |
Винительный Кого?, Что? | башты |
Местный Где?, У кого? | башта |
Исходный Где?, У кого? | баштан |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | баштар |
Родительный Чьи? | баштардын |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | баштарга |
Винительный Кого?, Что? | баштарды |
Местный Где?, У кого? | баштарда |
Исходный Откуда?, От кого? | баштардан |
Получить все переводы слова - "баш" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "баш" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "баш"?
Ввойти