|
чен
|
|
I зат. 1. Белгилүү бир орун, жай, жер, аралык. Саздын орто ченинде катар турган жети өргөө (Каимов). Сатар сыртка чыгып, жакын ченде ким бар болду экен деген ой менен айланага байкоо жүргүзө кетти (Таштемиров).
2. Белгилүү бир убакыт, мезгил, маал. Май айынын аяк чени, Башайыдай, саймадай (Бөкөнбаев).
3. Белгилүү бир өлчөм, ченем. [Костюм шымдын ] ченинен жаңылбас үчүн кийип көрдү (Каимов). Алыс эмес жууктун Ченин билген ким экен? (Тоголок Молдо).
4. Ал, чама, жөн-жай. Бакдөөлөттүн балдары, Чениң менен кутургун («Манас»).
♦Ченде жок — болжолсуз, өзгөчө, бөтөнчө, сонун.
ЧЕН II зат. Кандайдыр бир нерсенин жаны, жакын чет жакасы. Ченине жолотпойт ..Омор жүргөндө алар [балдар] бактын ченине келишпейт (Сыдыкбеков). Балбаның барбы элиңде? Баатырың барбы чениңде («Эр Табылды»).
ЧЕН III зат. 1. Формалуу кийимдерде (аскердик ж. б. формаларда) ийинге тагылуучу белги, погон. Сураймын десең эл мына, Кийсең тажы, чен мына (Токтогул). Анын кызыл чени бар, мурун командир болгон (Аалы).
2. эс. Чин.
|