|
сугар
|
|
этиш. 1. Жерге суу жаюу, өсүмдүктөргө суу жаюу. Эгинди сугарбасак болбойт деп жапырт сугатка чыкканбыз (Сыдыкбеков). Беш сугарып, үч оргон Беде сонун турбайбы (Барпы).
- 2. Суу ичирүү, суусунун кандыруу (малга карата). Жетелеп барып сугарып, Айдап жүрүп откорот (Тоголок Молдо). Мал сугара турган жер.
- 3. Кызытылган металлды сууга, суюктукка салуу жолу менен курчутуу, чыноо.
- 4. өт. Каныктыруу, жетилтүү. Сугарып окуу, билим булагына, Окутуп өңкөй жашты алга сүрөп (Үсөнбаев). Эмгек өз булагы менен сугарат (Сыдыкбеков).
|