Menu
Эл-Сөздүк

күү

I зат. 1. Комузда, домбурада чертилүүчү же музыкалык башка инструменттерде аткарылуучу музыкалык чыгарма, мелодия. Ремеслолук окуу жайынын окуучулары комузда кеңири таркалган күүлөрдү чертип беришти («Советтик Кыргызстан»). Кыякчыбыз Бондарев сонун күүлөрдү тартат (Сасыкбаев).
  1. 2.                  Бир нерсенин эпкини, илеби. Канатынын күүсүнөн Элемандын сырттаны, Учуп кете таштады («Эр Төштүк»). Бекжан балканы күү менен урат (Абдукаримов).
  2. 3.                  Бир нерсенин шары, кызуусу. Жолдоштордун күүсү менен унутуп Жүрүптүрмүн, мына быйыл эстедим (Турусбеков).
  3. 4.                  Күч, ал, кайрат. Бекем эмдиге күүдөн кала элек деп таңыркаша турган болди («САЖИ»).

¨ Ала күү — чала мас, кызуу. Ала күү болуп олтурушуп.. сөзгө киришти (Сасыкбаев). Баары да кымызга ала күү («Ала-Тоо»).
КҮҮ II туур. Бир нерсе урагандан же адамдар чогуу дуулдагандан ж. б. дуу этип чыккан дабыш. Кен бат эле күү этип жарылып, кулак тунуп, көмүр тозоңу сапырылды (Сасыкбаев). Үй ичи күү-күү болуп, баш-аламан сөздөр айтылат (Байтемиров).
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числокүү
Множ. числокүүлөр
Синонимы
обон
мелодия
Связанные слова
күүчү
комуз
ың
Склонение по падежам - "күү"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?күү
Родительный Чей?күүнүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күүгө
Винительный Кого?, Что?күүнү
Местный Где?, У кого?күүдө
Исходный Где?, У кого?күүдөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?күүлөр
Родительный Чьи?күүлөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?күүлөргө
Винительный Кого?, Что?күүлөрдү
Местный Где?, У кого?күүлөрдө
Исходный Откуда?, От кого?күүлөрдөн

So following similar words is found:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: