Iзат.1. Комузда, домбурада чертилүүчү же музыкалык башка инструменттерде аткарылуучу музыкалык чыгарма, мелодия. Ремеслолук окуу жайынын окуучулары комузда кеңири таркалган күүлөрдү чертип беришти («Советтик Кыргызстан»). Кыякчыбыз Бондарев сонун күүлөрдү тартат (Сасыкбаев).
2. Бир нерсенин эпкини, илеби. Канатынын күүсүнөн Элемандын сырттаны, Учуп кете таштады («Эр Төштүк»). Бекжан балканы күү менен урат (Абдукаримов).
3. Бир нерсенин шары, кызуусу. Жолдоштордун күүсү менен унутуп Жүрүптүрмүн, мына быйыл эстедим (Турусбеков).
4. Күч, ал, кайрат. Бекем эмдиге күүдөн кала элек деп таңыркаша турган болди («САЖИ»).
¨ Алакүү— чала мас, кызуу. Ала күү болуп олтурушуп.. сөзгө киришти (Сасыкбаев). Баары да кымызга ала күү («Ала-Тоо»).
КҮҮIIтуур. Бир нерсе урагандан же адамдар чогуу дуулдагандан ж. б. дуу этип чыккан дабыш. Кен бат эле күү этип жарылып, кулак тунуп, көмүр тозоңу сапырылды (Сасыкбаев). Үй ичи күү-күү болуп, баш-аламан сөздөр айтылат (Байтемиров).
Дополнительные операции по выбранной словарной статьей
Хотите добавить эту статью в свои закладки? Добавить в мои закладки Вы должны войти чтобы система запомнила Ваши закладки. Закладка добавлена.
Копировать ссылку на перевод на этом сайте. Ссылка будет выглядеть как күү
HTML ссылка :
Ссылка:
Если обнаружилиошибкуили неточности в словарной статье сообщите нам. Это поможет улучшить Эл-Сөздүк.
4Текст сообщения:
Контрольный вопрос (что вы не робот):Сколько будет 9 - 5? Ответ:
Отправить