Меню
Эл-Сөздүк

күүлдө

этиш. 1. Күү-күү эткен, дуу-дуу эткен дабыш чыгаруу; күрүлдөө. Көрүк күүлдөп ышкырып, очоктогу көмүрдү үйлөп,.. кыпындарын абага учурууда (Бейшеналиев). Көп узабай чоң карагай күүлдөп барып, бардык салмагы менен жерге согулду (Жантөшев). Эл ичи күүлдөй түштү (Байтемиров). Шаарды жаңырта күүлдөп замбиректер атылды (Сасыкбаев).
2. Ачык, шат мүнөздө болуу; дуулдагак кубанычтуу, көңүлдүү абалда болуу. Баягы киши бапырактап өзүнчө күүлдөп сүйлөп, карс-карс күлүп койду (Таштемиров). Дойбу ойноп күүлдөп отурушкан уландардын.. эң жашыШыгай (Сасыкбаев).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: