|
жаш
|
|
I зат. Дүүлүккөн, ооруксунган абалда же ыйлаганда көздөгү бездер аркылуу бөлүнүп чыгуучу тунук жана туздуураак келген суу сыяктуу суюктук. Аялдын көзүнөн жашы кылгыра түшүптүр (Абдукаримов). Анархан менен Сакадай көз жаштарын көл кылып, караанды акмалап баратат (Жантөшев).
ЖАШ II зат. Адамдын өмүрүн жыл боюнча эсептөө ченеми, өмүр чени. Эр ортону — элүү жаш (макал). Жашы келип калган адам.
ЖАШ III сын. 1. Өсүп келе жаткан, өсүп жетиле элек, токтоло элек, кары эмес (адам жөнүндө). Калктын көпчүлүгү жаштар (Сыдыкбеков). Эмгек этип жашыңдан, Элге жаксаң эң кызык (Токтогул). Жаш келсе ишке, кары келсе ашка (макал).
- 2. Быша элек, жетиле элек, толо элек (жаныбарлар, өсүмдүктөр ж. б. жөнүндө). Жаш мал. Жаш чырпык. Жаш мөмөлөр. Бозосу жаш экен, жакшы жетилбептир.
- 3. Жаңы. Жаш сорпо. Жаш кар.
|