ЖЕЗ |
Сары жез — таза жез. Күмүштөй чоюлуп, бирдемелерге пайдаланууга ийкемдүү келет. Үзөңгүнү туюк куюуга да жез бирден-бир жердик катары тандалат. Илгерки самоор, чылапчын, чайнек сары жезден болгон да, аны эритип, уютуп алып, күмүштөй чайкоого (темирди жабуу) жана жалатууга да өтө ийкемдүү келген. Жез бат эрийт, бат муздайт. Мисалы, бир тегерекче жасап туруп , сары жез чоюлуп сынбайт, коло сынып кетет. Чеберлердин үзөңгүнү такай сары жезден уютуп жатышы — таза жездин нарктуулугу. Муну эритүүнүн табын усталар билет. Алсак, «жез өзү эле эмне болуп баратканын шыбырап турат». Жез эрий баштаганда жашыл түтүн чыгат. Бул заттын чала эригенин баамдатат. Ал даана эриген кезде анын үстү ак күлгө (карагайдын күлүнө) окшошот. Мына ошол тапта «чий көбүгүн» (үстүндөгү ыпласын) алат. Ошондон кийин кайра ак күл чыгат. Мына ошол боюнча ысык калыпка куят. Эгер калып муздак болсо, эритинди бытыроондой чачырайт. Сары жез азыр шартка байланыштуу күмүштү алмаштырууда. Өтүмдүү жана иштетүүгө ийкемдүү аны салттуу, нарктуу, алгылыктуу жердик катары карайбыз жана баалайбыз. Жез күмүштөй жашыбайт, эрийт, чоюлат. Аздыр-көптүр анын касиетин сактайт. Бул «күмүштү кармоочулар жезди да так ошондой даражада кармоого болот» — деген ишенимди берет. |
Основные характеристики | |
---|---|
Часть речи | Имя существительное |
Ед. число | жез |
Множ. число | жездер |
Склонение по падежам - "жез"
Ед. число
Падежи | Ед. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жез |
Родительный Чей? | жездин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жезге |
Винительный Кого?, Что? | жезди |
Местный Где?, У кого? | жезде |
Исходный Где?, У кого? | жезден |
Множ. число
Падежи | Множ. число |
---|---|
Именительный Кто?, Что? | жездер |
Родительный Чьи? | жездердин |
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда? | жездерге |
Винительный Кого?, Что? | жездерди |
Местный Где?, У кого? | жездерде |
Исходный Откуда?, От кого? | жездерден |
Получить все переводы слова - "ЖЕЗ" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖЕЗ" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк
Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖЕЗ"?
Ввойти