Э-создук - мультиязычный онлайн словарь  
+ Добавить слова для перевода
ВходРегистрация
через соц. сети
<->
 
Яндекс переводчик <->
История Ваших переводов:
 
 
История/закладки
Онлайн инфо/переводы
Онлайн переводчик
Найденные
Перевод/результат для - ЖҮК
  • Жүк
  • Жүк алуучу
  • Жүк дүмүрчөгү
  • Жүк жөнөтүүчү
  • Жүк жыйымы
  • Жүк коштом
  • Жүк манифести
  • Жүк опциону
  • Жүк ташууну уюштуруу тууралуу келишим
  • Жүк ташып жеткирүү келишими
  • жүктө
  • жүктө-
  • жүктөгүч
  • жүктөл
  • жүктөл-
  • Жүктөлгөн салмак
  • жүктөлүү
  • жүктөмө
  • жүктөн-
  • жүктөнт-
 

ЖҮК

 
«Алган жарым Көксулуу, Алдын карап жүк жыйдың, Артын карап үй тиктиң» (Жеңижок). Бул — үй эмеректеринин бир бүтүмү. Төргө үстү-үстүнө бүктөлүп жыйылган ала кийиз, алтыкат, жууркан, төшөк, жаздык. Жүк жыюу мурун негизинен боз үйгө шартташкан. Анын эң алдына жүк такта орнотулат. Буга чачылуу кара терме, кажары терме таар же килем жабылат, анын үстүнө жагдан, сандык орун алат. Алардын үстүнө ала кийиз, килем, алтыгат, көлдөлөң коюлат. Чекелери саймаланып жана кыюуланып, кертимделген жууркан менен төшөк жыйылат. Үстүнө саймалуу куш жаздыктар кыркаланат. Аны килем же таар же сайма жабат.
      Айрым жерлерде сайма балыш, жаздыктар өзүнчө кертимделет. Жүктүн жакшынакай жыйылышы үйдүн ичине өзүнчө ажайып кооздук тартуулайт. Кыз-келиндер жүктү кынаптап жыюусу аркылуу кирип-чыккандарга өзүнүн үйдү таза тутуусун, адептүүлүгүн, чеберчилигин жана табигый маданиятын көрсөткөн.
       ЖҮН — «жүнүн сабап, чийин чырмап ар кимдин, сен элең го бир кезекте эзилген» (Жусуп). Бул — элдик көркөм кол өнөрчүлүктүн түбөлүктүү жердиги. Уздардын кооз буюм жаратуудагы негизги материалы. Муну менен оймочулук, саймачылык, чырмакчылык, түймөчүлүк, өрмөк согуучулук, килем токуучулук, бычмачылык-тикмечилик, куракчылык өнөрү жүзөгө ашат. Жүндөн уютулуп кийиз, ийрип-эшип жип жасалат. Мында «жүн кыркуу», «жүн сабоо», «жүн кылдоо», «жүн тытуу», «жүн боео», «жүн жуу», «жүн түйдөктөө», «жүн чабактоо» өңдүү аракеттер аркылуу буюм-тайымдар жүзөгө ашырылат. Жүндүн кылчык, жарым кылчык, уяң жарым, чала уяң өңдүү түрлөрү бар. Көркөм кол өнөрчүлүк үчүн кылчык, жарым кыл чык жүн өтүмдүү болот.
Основные характеристики
Часть речиИмя существительное
Ед. числожүк
Множ. числожүктөр
Связанные слова
жүктүү
жууркан
оордук
Склонение по падежам - "жүк"
Ед. число
ПадежиЕд. число
Именительный Кто?, Что?жүк
Родительный Чей?жүктүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүккө
Винительный Кого?, Что?жүктү
Местный Где?, У кого?жүктө
Исходный Где?, У кого?жүктөн
Множ. число
ПадежиМнож. число
Именительный Кто?, Что?жүктөр
Родительный Чьи?жүктөрдүн
Дательный Кому?, Чему?, Кому?, Куда?жүктөргө
Винительный Кого?, Что?жүктөрдү
Местный Где?, У кого?жүктөрдө
Исходный Откуда?, От кого?жүктөрдөн

Получить все переводы слова - "ЖҮК" по направлению Кыргызский-Кыргызский.
Найти все переводы слова "ЖҮК" на Кыргызском языке из всех словарей в системе - Эл-Сөздүк

Хотите добавить свой перевод для слово: "ЖҮК"? Ввойти


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
Language:
Кыргызские пословицы и поговорки с переводом на русский язык
Онлайн - рег.= = =
Рейтинг@Mail.ru