Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Өлгөн деп жарыялоо

ӨЛГӨН ДЕП ЖАРЫЯЛОО – мыйзамда белгиленген мөөнөттө туруктуу жашап турган жеринде эчкандай маалымат жок жаранды сот аркылуу өлгөн катары таануу. КР жарандык мыйзамдарына ылайык, эгер анын жашаган жеринде анын кайда экени тууралуу 3 жыл боюу маалымат болбосо, ал эми эгер өлүм коркунучу болгон же белгилүү күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан деп болжолдоого негиз болорлук жагдайларда белгисиз жоголуп кетсе, 6 айдын ичинде жаран сот аркылуу өлгөн деп жарыяланышы мүмкүн. Согуш аракеттерине байланыштуу белгисиз жоголуп кеткен аскер кызматкери же башка жаран согуш аракеттерди аяктагандан 2 жылдан кийин гана сот тарабынан өлгөн деп жарыялануусу мүмкүн. Жарандын өлгөн күнү деп соттун аны өлгөн катары жарыялаган чечиминин мыйзамдуу күчүнө кирген күнү эсептелет. Өлүм коркунучу болгон же аны белгилүү күтүлбөгөн кырсыктан каза тапкан деп болжолдоого негиз болорлук жагдайларда белгисиз жоголуп кеткен жаранды өлгөн деп жарыяланганда сот анын болжолдуу өлгөн күнүн анын өлгөн күнү катары таануусу мүмкүн. Жаранды өлгөн катары жарыялоо укук жана милдеттенмелерге карата андай жаран өлгөндөн кийинкидей эле натыйжаларды пайда кылат. Өлгөн катары жарыяланган жаран келип калса, же анын кайда экени аныкталса, анда сот Ө. д. ж. чечимин жокко чыгарат.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: