Меню
Эл-Сөздүк

туш

туш
туш кагаз (обой эмес)
туш келди
туш кийиз
туш тарап
туш туурдук
туш-туш жакка
туш-туштан
тушма-туш

туш

туш (музыкада)

туш

зат. 1. Бир нерсенин он, же сол жагы, тарабы, каптал жагы, туура жагы. Дилделердин тамынын тушунан өтө береримде.. бутумду араң кыбыратып калдым (Касымбеков). Тигил атчан ошол туштан өтүп баратып бирдеме деп койду (Сыдыкбеков).
2. Белгилүү бир учур, белгилүү бир убакытка, окуяга ж. б. туура келген мезгил. Чынында Атантай өз тушундагы Момун, жоош, эстүү карыдан (Сыдыкбеков). Байманаптын тушунда Айдалып жүрүп куурадым (Токтогул).
Туш келүү же туш болуу — кез келүү, туура келүү, дуушар болуу, кабылуу. Биз айылдан чыгып, кечмелиги жайык өзөн сууга туш келдик (Каимов). Таалайлуу заман туш болуп, Артылды сыймык-багыңар (Осмонкул).

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: