Menu
Эл-Сөздүк

ТУШ КИЙИЗ

(туштук) — сайма өнөрүнүн жүзүн ачуучу асыл буюм. Ал — үйдүн керегесине тартуу үчүн оюм-чийимдерди жана көркөм көчөттөрү менен саймаланган асем үлгү. Мунун узундугу 2,5—3 метрдей, четинин эни 40—50 см дей болсо ошол жасалгага ылайыкташат. Адеп туш кийизден кармалат. Кийизге оюм-чийим көчөт түшүрүлүп жасалган да, чети кундуз менен басылган. Баш жагына шуру, бермет, маржан өңдүү асемдер тизилген. Кийин алар ар кыл тукаба, парча, баркут сыяктуу кездемелерге өткөн. Туш кийиздин ич жагы астарланат (ичтелет) да, жээги саймаланбай, чети кара кызыл жана башка түстөгү калың жердик менен (5—7 см) «жээктелип», ал ийрек же ромбик түрүндөгү кош тигиш менен шырылып, чети чий баркыттан, макмалдан жасалып, бетине сайма көчөттөрү түшүрүлөт. Туш кийиздин ортосу четинин өңүнө карата тандалат. Чети кандай жердиктен болсо, ошол эле жердиктен анын дал ортосуна (кээде эки-төрт бурчуна да, тумарча «ортолук» капкалдырык) коюлат. Уздар кыргыздын элдик салтын, көркөмдүгү менен ыкмасын сактоо менен катар мыкты туш кийиздин үлгүсүн жаратууда анын чекесине «кыял оюмунун» элесин берген бир узун «жээк» көчөтүн жүргүзөт. Башка кездемеден каттай шырылып, төрт элидей тилке жээк койсо болот. Анан анын ортосундагы эндүү көчөттөрдүн өзүнө таандык түрү жогорудагы көркөмдүккө жупташат. Мында ар бир чийимдин ичин да илме саймалап толтуруу керек. Ошол көчөттүн ажарын ачуу үчүн ага «суу» (ала мончок) жүргүзүлөт. Анда кызылга-сары, же кызылга-акты айкалыштырат. Эми көчөттөргө карата жиптердин түрү тандалат. Четки чийимдерине кызыл жана көк өң тандалса, анын ичи сары-кызыл, ак-кызыл менен «чаар ала мончоктолот». Эгерде жашылдан чийим түшсө, анын сыртынан кызылды берип, ичин сары өң аркылуу ачат.
      Көмүрдөй кара жердиктен жашыл көчөттү окчундатып көрсөтүү үчүн анын сыртынан ачык кызылды жүгүртүп, ичине болсо кызыл-сары, ак-сары өң аркылуу айырмалайт. Туш кийиз «капкалдырыгына» ошол көчөттөрдүн өзү үч булуң болуп түшөт. «Капкалдырыксыз да туш кийиздер жасалат».
      Эгерде туш кийиздин жердиги кара баркуттан болсо, мунун эң четине кызылдан бир кат эле жол (суу) түшүрүп алат. Анан «бычак учу» сымал түрдүү сары менен сайып, аны да кызыл жип аркылуу кара жердиктен айырмалайт. Анан туш кийиздин четтик көчөтүн түшүрөт. Ал уздун өздүк чыгармачылык мамилесине карата тандалат. Мүмкүн катар «жарым бадам», «жарым кыял», «бармак боочу» өңдүү оюмдардын элементтерин бутак тарамдатып, аларды кызыл, сары, көк өңдөр менен анча (коюулатпай), ирээттүү көчүрүп, шибеге менен бир сыйра сайып кетүү зарыл. Туш кийиздин четки саймасы менен ортолугун айырмалап турган эндүүрөөк «ала мончок» өзүнчө «жээк» түшөт. Анда кызыл, сары өңдөрдөн турган кооздуктар «тап бердире» (сейректете саюу) сайылат. Туш кийиздин ортолук саймасына түшүүчү көркөм көчөттөр буюмдун жердигине байланышат. Жогоруда түшкөн түрлөргө карата өңдү саймачы өзү тандайт. Мүмкүн катар мунун көркүн чыгара турган көчөттөр «бугу мүйүз» өңдөнүп бутактанып, «кулжа мүйүз», «тоо теке мүйүздөнүп» чагарактанып, алма, алча, алмурут шактары сыяктанып ийилип, тескей гүлдөрүндөй бажыраят. Бул көчөттөрдү бири-биринен имериле аккан күмүш өзөн кейиптенип сайманын «суусу» айырмалайт. Адатта, сайманын «суусу» ак, сары жиптерден болот да, бутактанып кетет. Ортолук көчөттөрдүн алдына түшкөн «ала мончок» эшилген алтын-күмүш зым сымал өзүнчө «кыялданат».
      Көчөттөн көчөт таралат, оюмдан оюм жаралат. Мыкты кооздуктар адамга акыл кошот. Адатта, туш кийизге, жалпы эле саймага түр берүүдө, оюм түшүрүүдө уздар көрөкөрө көзөм болушат. Буюмдун башына эки курдай кызылдан суу жүгүртүп алып, анан «жарым бадам оюмдун» ортолору толтурула сайылып, буга бир кат эле жип берип, кайрадан бир кат сары-кызыл жип «ала мончок» өңдүү келет. Саймачылыкка түшкөн шырдак оюмдарын ичке учтанта «кыялданта» берилет. Ортолук көчөткө түшкөн ар кыл көчөттөргө төө өркөчтөнгөн эки элидей жарыш «суу» жүргүзүлүп, анын араларына да түр түшүрүлөт. Албетте, мындай сайма өнөрүнүн жүрүп турган каны «суу» болот да, ал буюмдун «ортолук көчөтүнөн» кийин да берилет.
      Туш кийизге түшкөн көчөттөрдүн көркүн бөтөнчөрөөк чыгаруу үчүн буюмдун кырка четине «суу» жүгүртүп алса да болот. Бул сайманын кооз каражатын көкүрөккө тагуучу көз мончок сымалдантып, «төө өркөчтүү», «кол толкуну» сыяктуу сайып чыгуу керек. Ал сары жана жашыл өңдөн турат. Берилүүчү негизги көчөттүн чети да ак жана жашыл жип аркылуу алмаштыра кайрадан «суу» жүгүртүлүп кетет. Мында көчөттүн көркүн ак ачат.
      Туш кийизге кош капкалдырык кылса, ал буюмга ого бетер жарашык оодарат. Туш кийиздеги кызыл өңдүн үч түрү берки мала жашыл өңдөрдү өзүнө имерип ага көк жипти кошуп саюу андан бетер кооз көрсөтөт. Жердиги кара тукабага кызыл өң көбүрөөк орун алса, сайма буюмунун жүзү ачылат. Муну менен катар уз сары, ак, жашыл, көк өңдүү гүлдүн, чөптүн жана башка өсүмдүктөрдүн жалбырактарын көркөм көчөткө элемент кылып, өңдү ич ара ойдогудай айкалыштыра алган уздун буюмунда шырдак оюмдарынын элементтерине караганда нукура саймачылыкка таандык көчөттөр көбүрөөк көрүнөт. Ал көчөттөрдүн ар бири төрт элементтерден турат да, алар өз-өзүнчө табакча болот. Туш кийиздин ортосун четинин өңүнө карата тандоого болот. Чети кандай жердиктен болсо, ошол эле жердиктен анын дал ортосуна (кээде эки бурчуна да) тумарча ортолук коет. Эгер буюмдун жердиги кара баркуттан болсо, мунун эң четине кызылдан бир кат эле жол түшүрүлөт. Анан «бычак учу оюмун» көчөт кылып, сары менен сайып, аны да кара жердиктен кызыл жип аркылуу айырмалайт. Туш кийиздин көчөтүнө «жарым бадам», «жарым кыял», «бармак боочу» өңдүү оюм элементтерин бутактантып, тарам-тарам кылып, аларды кызыл, сары, көк өңдөр аркылуу анча коюлатпай бир сыйра ирээттүү көчүрөт. Буюмдун четки саймасы менен ортолук саймасын айырмалай турган эндүүрөөк «ала мончоктото» өзүнчө «жээк» түшүрүп, анда кызыл, сары өңдөрдү «тап бердире» гана саят. (Саймачылыкта «тап бердире» көчөттү коюу эмес, сейректете саюу.) Буюмдун ортолук саймасындагы көчөттөр буюмдун жердигине түшкөн көчөттөргө үндөшөт.
      Айрым туш кийиздерде «кош мүйүз», «кочкор мүйүз», кыргак (дандын кылканы сымал) сыяктуу кооздуктар түшөт да, ортолук көчөткө «кыял оюмдарынын» элементтерин арбын пайдаланат. Анын борборун тегерек тартып, «багжагай оюм» сымалданып кетет. Ал «карга канат көчөтү» менен үндөшүп турат. Аны айрымдар «кош кайкалак» дейт. Көп көркөм көчөттүн аталышында эле эмес, көркөмдүк бири-бирине өтүшүп, кооздуктан кооздук жаралса ошол өнөрдүн салты болуп саналат. Ортолук көчөттөрдө да «кош мүйүздүн», «кочкор мүйүздүн» орун алышы тийиш. Мында «мүйүз оюмдары» ичин карай имерилип турат. Ал «чагарак мүйүз көчөтү» деп аталат. Ошондо туш кийизиндеги бир эле тегерек табакча көчөтү бир нече курдай шарттуу жана ыргактуу кайталанат. Анда төрт мүйүз оюмунун («кош мүйүз» деп да айтса болот) четтери кыргактанып (кылкандалып), төрт «кош багжагай көчөтү» менен өз ара тутумдашып, бир табакчаны түзөт. Ал ошол табакчалардын (сабактары) сыяктуу көчөттөр болот. Аны «сабак көчөтү» деп атаса жарашат. Бир эле буюмдун ичинен «илме сайманы» (шибеге сайманы) «илме дос» (ийне сайма) менен айкалыштыра кармай алат. Бир эле үлгүдө ушул эки ыкма эриш-аркак түшөт.
      Бир беткей кызыл кездемеге «кыргак көчөтүн» дандын кылканын сымалдантып, элдик «сыңар мүйүз оюмунун» элементин ага негизги каражат кылып, бир гана сары-көк түстү айкалыштыруу аркылуу буюмдун өзүнө таандык өңүн ача жана жупташтыра алууга болот. Мында кездеменин бетине түшкөн көчөттөрүн анча жыш албашы керек. Ошондой эле сайманын жердикте өтө суйдаң болушу да буюмга анча жарашык алып келбейт.
      Сайма көчөттөрү түшкөн туш кийиздерде чеберлер поэзия менен көркөмдүктүн ыргактарын шайкештирип, аны чечмелей алат. Саймадагы кооздукту ырга айланта алат. Ырдагы көркөмдүктү сайма оодара алат. «Ай көчөттөрүн» түшүрүүнүн себеби. «Азыркы биздин оюбуз, айга да жетти колубуз» — дегенден келип чыгат. Илимий техникалык прогресстин жетишкендиктерин көркөмдүктө сезгендер ушундан улам көчөт жаратып, аны илме сайма аркылуу жүзөгө ашырып: «Кубанган элим учкучка, жашасын элим тынчтыкта» — деп, ал туш кийизге «тынчтык» деген ат коюшат. Демек, чеберлер поэзия ыргактарынан көркөм көчөттүн ыргактарын таба да, ала да билишет. «Адамдын көөнү ачылбайт, аралап басып жүрбөсө. Опийим, пахта, жүгөрү, Жердин көркү гүлдөсө» — деп мына ушундай көрүнүштөрдөн өсүмдүктөрдүн гүлдөп, бүрдөп, байчечегин ачып турган учурун элестеткен көркөм көчөттөр шибеге сайма аркылуу чачырата берилүүдө. Мында узчулуктагы чеберчилик ыр-күү, тил, аспап-курал менен эмес, эт жүрөк аркылуу ар кыл буюм-тайым беттеринде оюм-көчөт түшүрүлө берилет. Натыйжада, анын сайма көчөттөрү жана кийиз оюмдары жалпыга түшүнүктүү тилге айланат. Мисалы, кийиздин көчөттөрүн түрдүүчө чечмелөөгө болот. Алсак, тынчтыктын символу болгон эки көгүчкөндү тиктештирип, төрт бурчуна музыка арфасынын белгисин түшүрсө, «бул — биздин нур заманыбыз ыр, күүнүн кучагында турат» — деген маанини берет. «Жүрөк оюму» эки бөлүнүп түшүрүлөт да, бирок, анын жээги эч качан үзүлбөйт. Анан суу берүүнүн өзү эле толгон ойду камтыйт. Көпчүлүк учурларда баамдабай эле кыпкызыл же башка өң менен кийиздин «жээгин» бере коюш туура болбойт. Анткени, көчөт көп нерсени чечет. Мисалы, бөлөк түшкөн «жүрөк оюмунун» бир жибин ак, экинчисин сары түс басат. Демек, ал жип — ак тилек, сары — кусалык, сагыныч. Ал эми жээгиндеги көчөттүн үзүлбөгөнү — жүрөк жүрөккө дайым тартылып турганы. Көгүчкөндөрдү көгүш менен басып, канаттарын тарамдарын майда саюу аркылуу түшүрүшөт. Буюм чети он беш түркүн жип менен түшүрүлгөнү — биздин 15 союздук республикабыздан турган өлкөбүз бузулгус, бекем экендигинин белгиси. Төрт бурчуна чок тагылганынын себеби ал — жерге салынбайт, асыл буюм катары тушка тартылат деген ой.
      Көрүүчүлөр сыдырата да, кыдырата да караганда мыкты туш кийиздер «тогуз төбөлөп», акак таш чөгөргөн зер буюмдардай жаркын элести тартуулайт. Албетте, андайды «кызыл сайма» деп атайт. Кызыл кыжымынын ортолугунда кара жердикке сайылган туш кийиздин четине кызыл, көк, ак, сары өңдөр өз ара айкалышкан гүлдүн, гүл сыяктанган чөптөрдүн дүйүм жалбырактарынын кереметтүү элестери тартылат. Анан сайманын ак-кызылдан берилген көркөм көчөттөрүнүн араларын бөлүп, өзүнчө түр түшүрүү салты да жакшы сакталуу керек. Туш кийиздин ортолук көчөттөрү жыш берилип, алар кандайдыр «куш канат» өңдөнүп, түрдүн ичинен түрлөр кооздуктун ичинен кооздуктар уланып, туунду катары элес тартуулап турат. Мында уздар кызыл-сары, күрөң, жашыл, ак, айтор, саймачылык өнөрүндө бүтүндөй пайдаланылуучу түстөрдү ич ара ширетип, кереметтенте беришет. Андан кийин ал көркөм көчөттөрдү ачыш үчүн «ит куйруктан» «суу» жиберип, «жарым бадам оюму» кызыл жип менен торчолонуп, анын араларына кайра актан «суу» чуркатса болот. Саймачынын чеберчилиги буюмдагы ошончо өңдөрдүн ичине кызыл түстүн жүзүн ача жана ага берки өңдөрдү сыйкырдата «багынта» билгендиги жогору бааланат. Жасап жаткан буюмда оюм-чийимди «буруп кетүү», «өзгөртүп берүү», «ага өзүнүн жекече мамилесин жасоо» — өңдүү жагдайлар уздарда көрүнөт. Көлөмдүү кармаган туш кийиз үйүндө үйдүн көркү, көргөзмөлөрдө көпчүлүктүн назарын өзүнө буруучу ажайып кооздук, үйрөнчүктөргө үлгү катары асыл милдетти аткарат. Мында үч тумарча (үч бурчтук) көрүнөт. Айрым жерлерде аны капкалдырык деп аташат. Ал буюмдун борбордук көчөтүнүн чок ортосунда, эки четинде жайлашса, туш кийиз «илме сайма» (шибеге сайма) ыкмасы аркылуу жүзөгө ашса, эндүү буюмда кийиз оюмдары менен сайма, чырмак, өрмөк, токуу көчөттөрүнүн өз ара айкалыштары болсо, мында четтик көчөткө (жээк көчөт) «куш канат» менен «карга тырмак» берилсе, алар өз ара алмашса, араларына «суу» жүргүзүлсө мына ошондо буюм салттуу болот. Кара баркутка уздук татым менен жашыл, сары, кызыл, көк өңдөр бири-бирине чабалекейдей катыш жасайт.
      Чеберчиликте түстөрдү сары саптоо, аны ич ара кыйыштыруу көңүлдүн борборунда, кол учунда ойноктоп туруу керек. Мына ушуга байланыштуу борбордук жана четтик көчөттөр түшөт да, сайма үлгүлөрүнүн ажарын ачат.
      Туш кийизде кийиз оюмдары басымдуулук кылуу зарыл. Анда шырдакка таандык «бармак боочу» (бармак башы, бармак менен сөөм биригет), «карга тырмак» үч тырмактын ортоңкусу жок ага «жарым кыял» тутумдашат да, көчөт табакчасынын ортосунан, жүрөк оюмунун элементтери берилет. Борбордук оюмдун башына «кыял оюмун» берүүсү да буюмдун нукуралыгын баамдатат. Албетте, сайма көчөттөрү менен оюмдары ичке алынат.
      Уздук чыгармачылыкта үлгүнүн нукура жердигин иштете билүү бөтөнчөлүгү болот. Жасап жаткан буюмундагы оюм-чийимди «буруп кетүү», «өзгөртүп берүү», «ага өзүнүн жекече мамилесин жасоо» өңдүү жагдайлар таасын көрүнөт. Алсак, көлөмдүү кармалган туш кийиздер үйдүн көркү, көргөзмөлөрдө ажайып кооздук, үйрөнчүк уздар үчүн үлгү катары асыл милдетти аткарат. Мисалы, үч тумарча (үч бурчтук) көрүнөт. Айрым жерлерде аны «капкалдырык» деп аташат. Ал буюмдун борбордук көчөтүнүн чок ортосунда, эки четинде жайлашат. Туш кийиз «илме сайма» (шибеге сайма) ыкмасы аркылуу жүзөгө ашат. Бул өңдүү буюмдун кийиз оюмдары, сайма, чырмак, өрмөк, токуу көчөттөрү менен өз ара айкалыштары бар. Мында четтик көчөткө (жээк көчөт) «куш канат» менен «карга тырмак» берилет. Алар алмашып отурат да, араларына «суу» жүргүзүлөт. Демек, кара баркут бетине уздук татым менен жашыл, сары, кызыл, көк өңдөр бири-бирине чабалакейдей катыш жасалат. Чеберчиликте түстөрдү сары саптоо, аны ич ара кыйыштыруу көңүлдүн борборунда, кол учунда ойноктоп турат. Мына ушуга байланыштуу борбордук жана четтик көчөттөр түшөт да, сайма үлгүлөрүнүн ажарын ачат. Борбордук оюмдун башына «кыял оюмун» берүүлөрү да буюмдун нукуралыгын баамдатат. Албетте, сайма көчөттөрү менен оюмдары ичке алынат. Тушта тартылуучу буюмдун формасын уздар текчеден (текичек, текче, секичек, жапсар баштык) алат. Мисалы, ушул өңдүү туштукка түшкөн көчөттөрдө жайдын толукшуган учуру, тоо гүлдөрү жайнап, жайлоо нооматына келип турган кез элестейт. Ошондо дүйүм топ гүлдөрдүн кычыктарында саратан конуп алат. Ал «Жай саратан» деп аталат. Мына ушул учурду уздар сайма аркылуу элестетип берүүгө да умтулушат.
      Мында көчөт үчүн беш топ гүлдү алып, анда түгөйлүү сегиз саратанды кондурат. Алар учуп-конгондой элестейт. Демек, буюм чачысына да жай саратанынын сөлөкөтү түшөт. «Жайлоодо жай чилдеде баскан изиң саратан болуп кетет» деген ойду пайда кылат. Кыргыз жери күнөстүү, жайлоо толукшуп, кайда бассаң көңүлүң көтөрүңкү, делебең бийик, жүрөк кылы чертилип, адамга чыгармачылык шык ыроологон жергебиздин табиятын сайма көчөтүнө өзгөртүп берүү аркылуу уздар алдыга тартат. Жаңычыл саймачылар тармал терини тарамдап, мамыктай жумшак кылып, аны чечмеленгенде буюм бетине боз торгойлорду символдоштурат. Мындан сайма көчөттөрү таралат. Андан поэзия жаралат. Андай буюм жээгинде секиртме саймалар орун алат. Кадимки боз торгой жашыл токойдо береке бейпилдикти даңазалап тургандай туюлат. Буюмдун чети чеги жок көк асмандай. Албетте, ал көк жердиктен турат. Ортосу көрпө болуп, анда «торгой уялары» бар. Арийне, бул майда-чүйдөдөй, бирок, адам ниетине түшө турган маанилүү көрүнүш. Мунун төрт тарабы «тор чачыкталат» да, учу топ чачыкталат. Ушундай эле сайма ыкмасы менен бүткөрүлгөн текчелер болот. Ыргайдын мөлтүрөгөн кызыл мөмөлөрү бышып, адамга укмуштай сезилет. Ошол көз жоосун алган учурун уздар сайма аркылуу берет. Ортосундагы табакча анын мөмөсүн символдоштурат. Четинде сайма аркылуу берилген таңкы шүүдүрүм элестейт. Эртең менен күндүн нуру арсак-арсак чокулардан шыкаалай баштагандагы ыргай мөмөсүнө түшкөн шүүдүрүм так ушундай мончоктой болот. Ошондо майда саймалар «торгой көздөнүп» кетет.
      Туштуктардын аянты бирдей берилсе көчөт табакчалар так түшөт. Чакан буюм төрт табакчадан турат да, «төкмө чачы» менен кооздолот. Бир табакчадан төрт элемент бар. Мындан «мүйүз», «карга тырмак» оюмдары аркылуу билинет. Буюм чети кызыл аскалардын башында күн нуру чалган кезин баамдаткан учурлар бар. Жердиги көк, ал асман ачык дегендей ой, бейкуттукту билгизет. Мындагы көк менен ак тазалыкты да, тунуктукту да көрсөтөт. Демек, көк, ак нерселерди көргөндө өзүбүздүн маанайыбыз да жаркын боло түшөт.
      Бир эле «туштукта» үч капкалдырыктын чыгышы оңой уздук эмес. Анын учунда үч «топ чачык» түшөт. Табакча-табакча болуп, көркөм көчөттөрү «мүйүз оюмдарынын» негизин кызыл өң дүйүм гүлдөрдү символдоштурат. Муну териден (булгаарыдан-шабырадан) жасап бул үч илтик болот. Бул канаттуунун коозу тоту кушту элестетет. Чечмелегенде ургаачысы, эркеги, баласы — үчөө болуп бир бүтүмдү түзөт. Уздук туюм да жарык дүйнөнүн ичинде эс талдырган, көздүн курчун кандырган укмуш сулуулуктар болот. Алар көңүлдү чайкап, эс алууга шарт түзөт. Аны жан дүйнөң менен кабыл аласың, ырахатка бөлөнөсүң.
      Жарык дүйнөнүн кооздугунан түшүнүк бар. Чынында тоту куштун өзүн сайма аркылуу тартып эле койбой, ага өзүнчө форма берүүдөн, символдоштурууга аракеттенүүдөн «жарык дүйнө» өзү эле кооз» — деген түшүнүк чыгат.
      Капкалдырык — туш кийиздин ортолугунун чок ортосунан орун алган үч бурчтук формасындагы сайма. Айрым аймактарда муну «тумарча» деп атайт. Капкалдырыкка туш кийиздин ортолук (борбордук) жана четтик (жээк) көчөттөрүнүн көркөм элементтери так өзүндөй түшүшү шарттуу көрүнөт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: