Меню
Эл-Сөздүк

куш

куш (зат а.)
куш баш (кучмач эмес)
куш безгеги (а. ч.)
куш боо
куш боо бек болсун!
куш жаздык
куш жем
куш жүнү (а. ч.)
куш келтеси (а. ч.)
куш күйүү
куш күйүүчү (саятчы)
куш мурун
куш тилиндей
куш тумоо (а. ч.)
куш тумшук (зоол.)
куш уйку
куш үкүлөр (зоол.)
куш ылаң (а. ч.)
куш эти

куш

куш: куш келипсиз

куш

I зат.1. Канаттуулардын жалпы наамы. Үй куштары. Суу куштары. Сайроочу куштар. Дайыма малдын этин жеп жүргөн кишиге куштун эти кандай сонун (Каимов).
2. Кекилик, чил сыяктуу илбээсиндерди алуучу жырткыч канаттуу. Мүнүшкөр болгон адамга Алгыр чыккан куш жакшы (Жантөшев).
¨ Алп кара куш — жомоктордо айтылуучу, көбүнчө кишилерге жардам кылуучу эн зор, алгыр канаттуу. Кара куш — 1) аңчылыкка жарабай турган ири куштар. Кара куш кардына карайт, шумкар чабытына карайт (макал); 2) баштын желке жаккы бөлүгү. Тели куш — тентиген, туругу жок куш деген мааниде. Тели куш багып куш кылдым, Тентигенди журт кылдым («Эр Төштүк»). Тоту куш к. тоту. Төө куш — тез жүгүрүүгө ылайыкталган узун буттуу, учууга жөндөмү жок, ысык өлкөлөрдө жашоочу чоң куш. Куш уйку к. уйку. Куш боо бек болсун — жаңы аял алган кишиге куттуктап айтылуучу сөз. Куш боо бек болсун!деп Жанболот солдаттын колун бекем кармады (Шимеев). Куш кат к. кат. Куш эт — эти, денеси жылма эмес, майда бүдүрлүү.
КУШ II: куш келипсиз, куш келипсиздер же кош келиңиздер — меймандостук менен сылык күтүп алууда колдонулат.

Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
strtoupper(KG)


Такое же слова на других языках:

RU


Похожие слова на других языках:

RU
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: