Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

КУШЧУ

КУШЧУ, кутчу — кыргыз элинин сол канатына кирген негизги уруулардын бири, алардын малдарга баса турган тамгасы тегерек формада болгон. К. тамгасы менен Чыгыш Түркстанда жашаган уруулардын бири пу-гулардын (бугулардын) тамгасы өтө окшош. Демек, К. байыркы уруулардын бири. Этнограф С. М. Абрамзон кыргыз элинин 6 — 11-кылымдардагы биринчи катмарындагы урууларга К-ну да кошкон. Бул илимпоз К. Батыш түрк кагандыгындагы (7-к.) Иле суусунун батыш тарабында жашаган нушибилердин арасындагы гэшулар менен окшоштурган. К. Моголистан мамлекетиндеги (14 — 16-кылымдар) ири уруулардын бири. Алар кыргыз элинин түзүлүшүнө чоң роль ойногон. «Манас» үчилтигинин айрым эпизоддорунда К. уруусу да эскерилет.


Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: