буйла зат. Төөнүн мурдун тешип өткөзүлгөн же анын мурдундагы шишке байланган жип. Буйлалуу төөнү жетелегенсип, Атантаев жай басып жөнөдү (Сасыкбаев). Жыгылсаң нардан жыгыл, буйласын кармай жыгыл (макал).