буйлала этиш. 1. Төөгө буйла тагуу. Ал ак тайлакты буйлалап жетелеп алды («Жомоктор»). 2. өт. Көндүрүү, айтканын иштетүү, багындыруу, баш ийдирүү. Карабай жаштыгыма элтеңдетип, Буйлалап турмуш чөлдө сүйрөй келдиң (Бөкөнбаев).