Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Ыкчам башкаруу укугу

ЫКЧАМ БАШКАРУУ УКУГУ – КР жарандык мыйзамдары боюнча мүлккө ээлик кылуу; буюмдук укуктардын бир түрү; колдонуу жана башкаруу укуктарын ишке ашыруу боюнча чектөөлөрү бар. Ыйгарым укуктарынын көлөмү боюнча менчик укугуна жана чарба жүргүзүү укугуна караганда кыйла тарыраак. Мекеме гана Ы. б. у-нун субъектиси боло алат. Бул юридикалык жак өзүнө бекитилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнүн ишмердигинин максаттарына жана мүлктүн багытталуусуна жараша ээлик кылуу, колдонуу жана башкаруу укугун жүзөгө ашырат. Мекемеге бекитилип берилген мүлктүн ээси пайдаланылбай турган, же болбосо багыты боюнча пайдаланылбаган мүлкүнүн ашыкча бөлүгүн алып коюуга жана аларды өзү каалагандай башкарууга акылуу. Мекеме өзүнө бекителген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен сатылып алынган мүлктү ажыратып алууга же башка ыкма менен пайдаланууга акысы жок. Эгер уюштуруу документтерине ылайык мекемеге киреше алып келүүчү ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу берилсе, анда ал ишмердиктен алынган кирешелер жана ошол кирешелердин эсебинен алынган мүлктөр мекеменин өзалдынча тескөөсүнө түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат. Мүлккө менчик укугунун башка жакка өтүүсү ал мүлккө карата башка буюмдук укуктардын токтолушуна алып келбейт.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: