Меню
Эл-Сөздүк

Ыкчам башкаруу укугу

ЫКЧАМ БАШКАРУУ УКУГУ – КР жарандык мыйзамдары боюнча мүлккө ээлик кылуу; буюмдук укуктардын бир түрү; колдонуу жана башкаруу укуктарын ишке ашыруу боюнча чектөөлөрү бар. Ыйгарым укуктарынын көлөмү боюнча менчик укугуна жана чарба жүргүзүү укугуна караганда кыйла тарыраак. Мекеме гана Ы. б. у-нун субъектиси боло алат. Бул юридикалык жак өзүнө бекитилген мүлккө карата мыйзамда белгиленген чектерде, өзүнүн ишмердигинин максаттарына жана мүлктүн багытталуусуна жараша ээлик кылуу, колдонуу жана башкаруу укугун жүзөгө ашырат. Мекемеге бекитилип берилген мүлктүн ээси пайдаланылбай турган, же болбосо багыты боюнча пайдаланылбаган мүлкүнүн ашыкча бөлүгүн алып коюуга жана аларды өзү каалагандай башкарууга акылуу. Мекеме өзүнө бекителген мүлктү жана ага смета боюнча бөлүнүп берилген каражаттардын эсебинен сатылып алынган мүлктү ажыратып алууга же башка ыкма менен пайдаланууга акысы жок. Эгер уюштуруу документтерине ылайык мекемеге киреше алып келүүчү ишмердикти жүзөгө ашыруу укугу берилсе, анда ал ишмердиктен алынган кирешелер жана ошол кирешелердин эсебинен алынган мүлктөр мекеменин өзалдынча тескөөсүнө түшөт жана өзүнчө баланста эсепке алынат. Мүлккө менчик укугунун башка жакка өтүүсү ал мүлккө карата башка буюмдук укуктардын токтолушуна алып келбейт.

Ыкчам башкаруу укугу

Право оперативного управления

Примеры переводов: Ыкчам башкаруу укугу

Кыргызский Русский
ыкчам быстро
башкаруу Справляться
кирүү укугу право доступа
менчик укугу право владения
Даттануу укугу Право на обжалование
Мурастоо укугу Наследственное право
Даттануу укугу. Право на обжалование.
бизнести башкаруу . Бизнес управлять.
Приоритеттик укугу преимущественное право
Аткаруучунун укугу Права артистов-исполнителей
Ачкычтарды башкаруу управление Ключи
Башкаруу тажрыйбасы опыт управления
Кайра чыгаруу укугу. Право на воспроизведение.
Патент ээсинин укугу Права патентообладателя
чарба жүргүзүү укугу право хозяйственного вед`ения
мурда пайдалануу укугу Право предшествующего использования
Автордун сый акыга укугу Право автора на вознаграждение
ыкчам таасирденүүнүн коду Код быстрого реагирования
оперативдүү башкаруу укугу право оперативного управления
Автордун сый акы алуу укугу Право автора на вознаграждение

Примеры переводов: Ыкчам башкаруу укугу

Кыргызский Английский
ыкчам quick
башкаруу To manage
кирүү укугу Access right
менчик укугу ownership right
Даттануу укугу Right Of Appeal
Мурастоо укугу Law of succession
Даттануу укугу. Right to review.
бизнести башкаруу . Business manage .
Приоритеттик укугу Priority Right
Аткаруучунун укугу Performer's Rights
Ачкычтарды башкаруу Keys management
Башкаруу тажрыйбасы Management experience
Кайра чыгаруу укугу. Right of Reproduction.
Патент ээсинин укугу The Rights of Patent Owner
чарба жүргүзүү укугу right of economic management
мурда пайдалануу укугу right to the prior use
Автордун сый акыга укугу Right of the Author for Remuneration
ыкчам таасирденүүнүн коду
оперативдүү башкаруу укугу right of operative management
Автордун сый акы алуу укугу The Right of the Author to Remuneration

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: