Menü
Эл-Сөздүк

Чет өлкөлүк юридикалык жак

ЧЕТ ӨЛКӨЛҮК ЮРИДИКАЛЫК ЖАК – КР жер мыйзамдары боюнча төмөндө саналган белгилердин бирине ээ болгон юридикалык жак: а) чет мамлекеттин мыйзамына ылайык түзүлгөн жана катталган; б) толук боюнча бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактарга таандык болгон; в) төмөнкүлөр аркылуу бир же андан ашык чет өлкөлүк жеке же юридикалык жактар тарабынан көзөмөлдөнүүчү же башкарылуучу: жазуу жүзүндөгү келишимдин, добуш берүүчү акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугунун, аткаруучу же байкоочу органдын көпчүлүк мүчөлөрүн дайындоо укугунун; г) ушул пунктта эскертилген чет өлкөлүк жарандарга, жарандыгы жок адамдарга же юридикалык жактарга таандык уставдык капиталдын 20 пайыздан кем эмеси КРде катталган жана бар; д) мамлекеттер аралык келишимдин же макулдашуунун негизинде түзүлгөн.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: