Меню
Эл-Сөздүк
Найдены по другим направлениям

Макулдашуу комиссиясы

МАКУЛДАШУУ КОМИССИЯСЫ – баардык кызыкдар тараптардын өзара макулдашуусу боюнча чечилбей турган пикир келишпестиктерди жоюу үчүн түзүлүүчү өзгөчө орган. Жараштыруу жолжобосунун усулдарынын бири болуп саналат. М. к. артыкчылыктуу башталышта түзүлөт, анын чечимдери сунуштама мүнөзгө ээ. М. к-нын талаш маселени кароосу талашып жаткан тараптарды, алардын өкүлдөрүн жана башка кызыкдар тараптарды милдеттүү түрдө катыштыруу менен жүзөгө ашырылат. М. к-нын чечимине макул болбогон учурда тараптар ведомстволор аралык комиссияга, бейтарап сотко же жалпы юрисдикциядагы сотко кайрылууга укуктуу.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: