-
КҮРСҮ
-
КҮРСҮ (иранча гурс) — бетме-бет салгылашууда колдонулуучу чокмор түрүндөгү курал. К-нүн чабыла турган бөркүнө тикен тиш металл чөгөрүлөт. К-нү найза сайышкан соң гана пайдаланышып, анын соккусуна коргонуу үчүн калкан тосот (Сагымбай Орозбаков, 1. 202). К-нүн дагы бир түрү «чоюнбаш». Манас баатыр Зулпукор кылычын сол жагына, «он эки батман чоюнбашын» оң жагына байланганы (Саякбай Каралаев, 2. 184, 185) сүрөттөлөт. Ал эми Макел-дөөнүн «чатында кыстарган» куралы «үйдөй күрсү чоюнбаш» (Сагымбай Орозбаков, 4. 323) болот.
Также найдены следующие похожие слова на Кыргызском языке
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук:
КҮРСҮ