Меню
Эл-Сөздүк

күрсүлдө

этиш. 1. Күрс-күрс эткен дабыш чыгаруу; курс-күрс этүү, дүңкүлдөө. [Абдыракмандын] ыкшыма жөтөлү кармап узакка күрсүлдөп.. төшөккө кулады («Ала-Тоо»). [Ит] күрсүлдөп үргөн бойдон үйдү айлана берди (Аалы). Замбиректер күрсүлдөп, миномёттор ызылдайт (Жантөшев). Күрсүлдөп жерлер казылды («Эр Төштүк»).
  1. 2.                  Корс, орой сүйлөө; күпүлдөп бак-бак сүйлөө. Одоно сүйлөп күрсүлдөп, Орой болбо жашыңда (Калык). Чогулуш болсо кол серпип, Күрсүлдөдүң активим (Үмөталиев).
  2. 3.                  Кайраттуу, катуу кыймылдоо. Ар кимге парс тирүүлүктө кызмат кылыш, Күрсүлдөп кээде иштегениң да дурус (Шүкүрбеков).

Мындан бөлөк Кыргызском тилинде табылган окшош сөздөр:
strtoupper(KG)
Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: